6 айлык мезгилде оптималдуу тамактануу
Балаңыз болжол менен 6 айдан баштап дени сак өсүп жана өнүгүшү үчүн эне сүтүнө кошумча дагы башка азыктарга (кошумча тамакка) муктаж.
Эне сүтү мурдагыдай эле балаңыздын рационунун кыйла маанилүү бөлүгү болуп саналат. Балдар тамак-ашын же аралашмаларды (6 айлык курактан баштап чоңураак балдар үчүн атайын арналган сүт) берүүнүн кереги жок, анткени эне сүтү балаңызга керектүү бардык азыктар менен камсыз кылат. Башка тамактарды берүүдөн мурун алгач эмизүүнү унутпаңыз.
Балага кошумча азыктарды бергенде, маанилүү алты учурду эстен чыгарбоо маанилүү:
- Жыштыгы: Балаңызга күнүнө 2 маал кошумча азыктарды (кошумча тамак) берип туруңуз.
- Көлөмү: Ар бир тамактанганда 2-3 аш кашыктан бериңиз, аны акырындык менен чынынын (сыйымдуулугу 250 мг чыны) 1/2 бөлүгүнө чейин көбөйтүңүз.
- Коюулугу: Кашык менен жедирүү оңой боло тургандай жетишерлик коюу болушу керек.
- Түрдүүлүгү:
- Бир түрдүү азыктын түрүнөн баштаңыз, ошол эле азыктын түрүн 3 күн тамактандырыңыз. Баланын ар бир тамак-аш азыгына болгон мамилесине көңүл буруңуз. Бир эле учурда бир нече кошумча тамакты киргизүү сунушталбайт, анткени аллергиялык реакция пайда болсо, аллергияга кайсынысы себеп болгонун билүү кыйын болот.
- Тамакка эч кандай шекер же туз кошпоңуз.
- Балага печенье/пирожное, чай же башка таттуу тамактарды бербеңиз.
- Күрүч, гречка же сулудан даярдалган коюу ботко сыяктуу негизги тамактардан баштаңыз.
- Алгач ашкабак, сабиз, картошка, шпинат сыяктуу эзилген жашылчаларды киргизүү сунушталат.
- Андан кийин мөмө-жемиштерди киргизүү сунушталат, жергиликтүү жана жеткиликтүү болгону жакшы.
- Коюу боткого жумуртка, мөмө-жемиш, жалбырактуу ашкөк чөптөрүн, эт же сүт азыктарын кошууга болот.
- Мээримдүү тамактандыруу: Ымыркайга эне сүтүнөн башка кошумча тамактарга көнүү үчүн убакыт талап кылынышы мүмкүн. Сабырдуу болуңуз жана балаңызды тамактануусун активдүү колдоңуз. Балаңызды тамак ичүүгө мажбурлабаңыз. Берилген тамактын бардыгын жегенине ынануу үчүн өзүнчө табак колдонуңуз.
- Гигиенаны (тазалык) сактоо ич өткөктөн жана башка оорулардан сактанууда чоң мааниге ээ. Балага тамак же суюктук берүү үчүн таза кашыкты же чыныны колдонуңуз. Балага бериле турган тамак-ашты коопсуз жана таза жайда сактаңыз. Тамак-аш даярдоодон жана балага тамак берүүдөн мурун колуңузду самын менен жууңуз. Тамактанардын алдында балаңыздын колун жууңуз. Дааратканага баргандан кийин жана баланын астын жууп жана гигиеналык процедураларды аткаргандан кийин колду самындап жууңуз.
Ушул куракта сунушталбай турган тамак-аш
- Уйдун, эчкинин нак сүтү - (1:1 катышында сууга аралаштырып боткого кошууга болот)
- Ар кандай жаңгактар жана данектер
- Жемиш жана цитрус ширелеринен алыс болуңуз
- Кант, бал, туз, татымалдарды кошпоңуз
- Балаңызга чай бербеңиз (кара, жашыл, чөп чай).
Баланын керектөөсүнө жараша тамактандыруу
Бала жаңы тамакка (кошумча тамакка) узак убакытка чейин көнүшү мүмкүн. Сабырдуу болуңуз жана баланын тамактануусун активдүү колдоңуз, бирок аны мажбурлабаңыз. Балага жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүү үчүн убакыт жана чыдамдуулук талап кылынат.
Балаңызга байкоо салып, анын белгилерине жооп бериңиз. Баланы жай жана сабырдуулук менен, анын ыргагына ылайык тамактандырыңыз. Балаңызга тамагын жегенге түрткү берүү үчүн ар кандай тамак-аш айкалыштарын, даамдарды жана текстураларды колдонуп көрүңүз. Дагы бир жолу сунуштоодон мурун, баланын тамакты жутканын күтүңүз. Ал тойгонун билдиргенде тамак берүүнү токтотуңуз.
Ымыркай ачка экендигин көрсөткөн белгилер: тамак даяр экендигин көргөндө толкунданып, тамак берүүчү отургучта сизге ыктап, оозун ачат.
Ымыркайдын курсагы ток экендигин көрсөткөн белгилер: ал жайыраак тамактанат, тамакты өзүнөн түртүп жиберет, оозун ачкысы келбейт, башын чайкайт.