Купуялуулук саясаты

Купуялуулук саясаты

Беббо - Сиздин баланы тарбиялоодогу жардамчыңыз

 

Бул Купуялуулук Саясаты “Беббо – Сиздин баланы тарбиялоодогу жардамчыңыз” тиркемесине таандык. Беббо тиркемеси 0-6 жаштагы жаш балдардын ата-энелерине маалымат жана көрсөтмө берүү үчүн иштелип чыккан. Бул Купуялуулук Саясаты, тиркеме сиздин маалыматтарынызды кантип топтошун, колдонушун, сактаарын жана коргоосу жөнүндө баяндайт.

Бул саясатта "жеке маалымат" сизди, балаңызды же Беббо менен байланышуу үчүн колдонулган түзмөгүңүздү аныктоого мүмкүндүк берген бардык маалыматты билдирет.

Беббо тиркемесине кирүү балдарга жана 18 жашка чейинки жаштарга каралган эмес.

Өтүнүч, тиркемени колдонуудан мурун, Купуялуулук Саясатын кылдаттык менен окуп чыгыңыз. Беббо тиркемесине кирүү жана аны колдонуу менен, сиз бул Купуялуулук саясаттын жоболоруна макулдугуңузду бересиз.

"Сиз", "сиздики", жана "колдонуучу" деген терминдер сизди Беббо тиркемесине кирүүчү же колдонуучу инсан катары билдирет.

Купуялуулук саясаты эмнени камтыбайт?

Беббо тиркемеси ушул Купуялуулук Саясатында камтылбаган башка сайттарга же кызматтарга шилтемелерди камтышы мүмкүн. Бул тышкы булакка шилтемелери бар жүктөлгөн макалаларды дагы камтышы мүмкүн.

Бул Купуялуулук Саясаты Беббо тиркемесине байланыштуу ЮНИСЕФ жана анын ыйгарым укуктуу улуттук өнөктөштөрү тарабынан сиздин маалыматыңызды иштетүүгө гана колдонулат. Колдонмо же анын мазмуну шилтеме кылынган үчүнчү жактын веб-сайты же кызматы тарабынан сиздин маалыматыңызды чогултуу, колдонуу жана иштетүү үчүнчү жактын купуялуулук саясаты менен жөнгө салынат.

Үчүнчү жактардын сайттарын активдүү түрдө колдонуудан мурун алардын Колдонуу Шарттарын жана Купуялуулук Саясатын карап чыгуу жана ынануу сунушталат.

Төмөндө сүрөттөлгөндөй маалыматтар ар кандай булактардан алынат:

Тиркемени колдонуу учурунда автоматтык түрдө чогултулган анонимдүү маалыматтар

Буга чейин баяндалгандай, анонимдүү маалымат тиркемени жакшыртуу үчүн, колдонуучулардын жалпы санын, тиркеменин ар кандай функцияларын жана мазмунун колдонуу жыштыгын көзөмөлдөйт. Бул маалыматтар аналитикажана колдонуучуга кызматтарды жакшыртуу үчүн гана колдонулат.

Маалыматты сактоо

Балаңыздын жашына жана жынысына тиешелүү маалымат менен камсыз кылуу үчүн балаңыздын туулган күнүн жана жынысын киргизишиңиз керек. Тиркеменин бул функциялары аркылуу балаңыздын өсүшүн жана өнүгүүсүн, ошондой эле эмдөөлөрдүн жана ден соолукту текшерүү күндөрүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Тиркеме ата-энени же баланы аныктай турган жеке маалыматтарды чогултпайт жана аны эч кандай тышкы серверде автоматтык түрдө сактабайт. Тиркемеге киргизилген бардык маалыматтар колдонуучунун жеке түзмөгүндө - телефондо гана сакталат. Колдонуучулар Google жана Apple'дин тиешелүү купуялуулук саясатына ылайык, өз түзмөктөрүндө сакталган бардык маалыматтар үчүн толугу менен жооптуу (колдонуучунун смартфонундагы операциялык тутумга жараша).

Төмөндөгү шилтемелер аркылуу сиз Google менен Apple'дин купуялуулук саясаты жөнүндө көбүрөөк маалымат ала аласыз:

https://policies.google.com/privacy

https://www.apple.com/legal/privacy

Тиркеме колдонуучунун жеке акылдуу түзмөгүндө жайгашкан шифрленбеген маалымат базаларынан турат. Базада тиркеме жөнүндө жалпы маалыматтар камтылган, мисалы, оюндар, кеңештер, тез-тез берилүүчү суроолор жана ата-эне тиркемеге киргизген бала жөнүндө бардык маалыматтар, мисалы, тандалган окуялар, эмдөө ж.б. Маалыматтар базасында өздүктү аныктоочу маалымат камтыбайт.

Маалыматтын резервдик көчүрмөсү

Ата-эне бардык маалыматтын резервдик көчүрмөсүн тандай алат (мисалы, колдонуучумаалыматты башка акылдуу түзмөгүнө жүктөгүсү келсе). Бул учурда, бир гана колдонуучу кол менен аткара ала турган иш -аракеттердин негизинде, бардык тексттик маалыматтардын камдык көчүрмөсү сакталат жана колдонуучунун жеке Google Drive же түзмөктүн файл сактагычында сакталат.

Резервдик файлда сактала турган колдонуучунун маалыматы коопсуздук максатында шифрленет.

ЮНИСЕФ жана тиркемеде чогултулган маалыматты кантип колдонот?

Колдонуучу ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги колдонуучунун жеке маалыматын чогултпайт, сатпайт, соодалашпайт жана башка жол менен бербейт деп ишенсе болот.

Аналитика жана тиркемени жакшыртуу

ЮНИСЕФ жана анын өнөктөштөрү тиркемеде чогултулган маалыматты колдоно алышат, мисалы колдонуучунун иш аракеттери же тиркемедеги сурамжылоолорго колдонуучунун жооптору. Бул сурамжылоолор колдонуучу тарабынан толтурулушу жана толтурулбашы да мүмкүн. Алар тиркеменин колдонулушун көзөмөлдөө, талдоо жана тиркемени жакшыртуу үчүн колдонулат.

Консолидацияланган маалыматтар

ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тиркемени жакшыртуу үчүн иштелип чыккан анонимдүү маалыматтарды, ошондой эле статистикалык анализ үчүн тиркемеде чогултулган маалыматтарды топтоштура алат. ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, топтолгон маалыматтарды башка мыйзамдуу максаттар үчүн колдонушу мүмкүн, мисалы, жарнамалык же изилдөө иштери үчүн. Мындай жол менен алынган жыйынтыктар үчүнчү жактар ​​менен, мисалы, биздин өнөктөштөрүбүз, колдоочуларыбыз, педагогдор жана изилдөөчүлөр менен конференциялар, журналдар жана башка басылмалар аркылуу бөлүшүлүшү мүмкүн.

Юридикалык жагы

Тиркемени басып чыгаруучу жеке маалыматтарды, башкача айтканда, тиркемени өз түзмөгүнөн колдонгон ата -энени, же маалыматы киргизилген баланы аныктай турган маалыматтарды чогултпайт же иштетпейт.

Үчүнчү жактардын вебсайттары, тиркемелери жана кызматтары

Тиркеме ушул Купуялуулук Саясатында камтылбаган башка сайттарга же кызматтарга шилтемелерди камтышы мүмкүн. Бул ЮНИСЕФтин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги көзөмөлдөбөгөн тышкы булакка шилтемени камтышы мүмкүн болгон макалаларды жайгаштырууну билдирет.

Бул Купуялуулук Саясаты ЮНИСЕФ жана "Жергиликтүү өнөктөш" тарабынан бул тиркемеге байланыштуу маалыматтарды иштетүү үчүн гана колдонулат. ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тиркемеде берилген шилтеме менен шилтеме берген үчүнчү жактын, веб -сайттын же кызматтын коопсуздук жана купуялуулук саясаты үчүн жооптуу эмес. Эске салуучу нерсе, бул Купуялуулук Саясатынын шарттары тышкы сайттарга же тышкы мазмунга, же тышкы сайттарга байланыштуу маалыматтардын ар кандай топтомуна колдонулбайт.

Биз менен байланыш

Эгерде сизде тиркемедеги жеке маалыматтын купуялуулугуна жана колдонулушуна байланыштуу суроолор же тынчсыздануулар болсо, анда биз менен төмөнкү дарек аркылуу Тыныстанов көчөсү, 257 байланышуудан тартынбаңыз.

Сиздин макулдугуңуз

Беббо тиркемесин колдонуу менен, сиз анын онлайндагы купуялуулук саясатына макулдугуңузду билдиресиз.

Акыркы жолу жаңыртылган: 2021 -жылдын 11 -августу