Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

ЮНИСЕФ 150дөн ашык өлкөдө жана аймактарда балдардын жаш кезинен баштап өспүрүм курагына чейин аман калышына жана өнүгүүсүнө жардам берет.

ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азияда эрте куракта балдарды өнүктүрүү  боюнча (ЕБА) эмгеги ар бир өсүп келе жаткан бала камкордукка, ден соолугу чың болууга, оптималдуу тамактанууга жана эрте курактан өнүктүрүп-өстүрүү үчүн жетиштүү колдоо көрсөтүүчү, стимулдаштыруучу жана коопсуз чөйрөгө муктаж экенин моюнга алат. Балдарга мыкты келечекти камсыз кылуу үчүн бардык үй-бүлөлөр колдоого муктаж. Жакырчылык, майыптык же социалдык четтетүү сыяктуу кошумча кыйынчылыктарга туш болгон аялуу үй-бүлөлөр башкаларга караганда жардамга көбүрөөк муктаж жана алар биздин көңүлүбүздүн борборунда.

Балдарга негизги кам көрүүчү болуп ата -энелер менен камкорчулар санала тургандыгын  түшүнүү менен, ЮНИСЕФ өз программаларынын алкагында ата-энелердин компетенттүүлүгүн өнүктүрүүнү ошондой эле ата-энелердин бакубаттуулугун колдоону биринчи орунга коёт.

Bebbo

Колдонмо тууралуу

ЮНИСЕФтин Сербиядагы Өлкөлүк кеңсесинин Белграддагы (Сербия) Коомдук Саламаттыкты Сактоо Институту менен тыгыз кызматташтыкта ​​иштелип чыккан прототиптин негизинде, Bebbo тиркемеси ЮНИСЕФтин регионалдык кеңсеси тарабынан Европа жана Борбордук Азия үчүн иштелип чыккан.

Bebbo - бул жоопкерчиликтүү, позитивдүү тарбиялоону колдогон тиркеме. Анын максаты- эрте куракта балдардын өнүгүүсү жана тарбиялоо боюнча ата-энелерге ыңгайлуу форматта толук маалымат берүү. Ошондой эле Bebbo балдарды COVID-19дан алдын алуу жана коргоо боюнча билдирүүлөрдү жана маалыматтарды жайылтат.

Тиркемени кызмат көрсөтүүчүлөр ата-энелер менен иштөө үчүн ресурс жана жаш балдардын кызыкчылыгы үчүн ишеним жана өнөктөштүк мамилени түзүүдөгү курал катары колдоно алышат.

Тиркеме ата-энелерге балдарына оюндар жана өнүктүрүүчү иш-чаралар аркылуу тарбия берүүгө жардам берүү үчүн  иштелип чыккан жана ал баланын өсүшүн, өнүгүүсүн жана ден-соолугунун абалын көзөмөлдөөгө жардам берет.

Тиркемеде тематикалык категориялар боюнча топтолгон көптөгөн макалаларды жана видеолорду камтыган китепкана бар:

  • Оюн жана үйрөнүү
  • Тамактануу жана эмчек эмизүү
  • Ата-эненин жоопкерчилиги
  • Коопсуздук жана коргоо
  • Ден-соолук жана бакубатчылык
  • Ата-эненин бакубатчылыгы

Тиркеме тиешелүү материалды жана жекече көрсөтмөлөрдү сунуштоо үчүн баланын туулган күнү, жынысы жана ата -энеси киргизген башка маалыматтарды колдонот.

Бул тиркемедеги айрым материалдар Raising Children Network Australia (Raising Children Network), Real Play Coalition (https://www.realplaycoalition.com), Afinidata (https://afinidata.com/en/home/), уруксаты менен алынган, ылайыкташтырылган жана которулган.

Тиркемеге мазмунду жүктөө жана медиа мазмунун көрсөтүү үчүн интернет байланышы талап кылынат.

Тиркеме ошондой эле чектелген интернет байланышы менен оффлайн режиминде иштей алат. Бирок колдонуучуну жок дегенде бир жолу, ал тиркемени жүктөп алуу учурунда Тиркемеге катталуусу керек. Колдонуучу тиркеменин Жөндөөсүнөн баланын учурдагы жашына ылайык келген колдонмонун мазмунун жүктөп алууну же тиркемени толугу менен оффлайнда колдонуу үчүн бардык мазмунду жүктөөнү тандай алат.

Тиркемени жүктөп алып, Bebbo го сиздин балаңызды тарбиялоо саякатында шеригиңиз болууга уруксат бериңиз!