Ал каерде? Жакшы кал!
Сизге керектүү материалдар: Үйүңүздөгү бир нече майда буюмдар же оюнчуктар
Бирге эмне кылсаңыз болот: Ушул жашта сиздин балаңыз колдору - жаңсоолору менен эмнени билдиргиси келип жаткандыгын “айтууга” үйрөнүп жатат. Балаңыздын мындай кылганын байкасаңыз болот. Ымыркайды ушул сыяктуу жаңсоолорду колдонууга үндөө үчүн бир аз оюн менен көңүл ачсаңыз болот. Балаңызга кичинекей буюм же оюнчук көрсөтүүдөн баштаңыз. “Мына сенин куурчагың. Кайда кетти? ” деп сураңыз. (Куурчакты балаңыз жете албаган жерге коюңуз). Кайра куурчакты көрсөтүп: "Ал тигине!", деңиз. Наристеңиз дагы көрсөтүп жатканын байкаңыз! Андан кийин куурчакты кайра алып келип, балаңыз кызыгып жатса, дагы жасаңыз. Сиз дагы бир жаңсоону кошсоңуз болот: "Куурчагыңа " Кайыр! " деп айтчы деңиз дагы колуңузду булгалаңыз. Наристени кол булгалоого да багыттаңыз: "Жакшы кал, куурчак!"
Балаңыз жаңсоолорду өзү жасап жатканда (мисалы, ал сиз даярдаган тамакты көрсөтүшү мүмкүн), сиз: "Ооба, банандарды көрүп турасыңбы! Банан жейсиңби? ”, деп сураңыз. Сиз балаңыздын сиз менен баарлашуусун түшүнгөнүңүздү көрсөтүп жатасыз.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Жаңсоолор мааниге ээ, ошондуктан аларды колдонуу балаңыздын тилин жана баарлашуусун өнүктүрүүнүн бир бөлүгү. Ошондой эле, ал баарлашууга аракет кылганда, сиздин жооп беришиңизди үйрөнүп жатат. Бул эрте сүйлөшүү сыяктуу. Бул байланыштар ымыркай менен болгон байланышыңызды чыңдап, социалдык жана эмоционалдык өнүгүүнү колдойт.