Алаканга үйлөйбүз
Сизге: жакшы маанай керек!
Оюндун маңызы эмнеде: ымыркайлар айлана-чөйрөнү жана өз денесин билүү үчүн ар кандай физикалык сезимдерди сезиши керек. Бул көнүгүү менен сиз балаңызга денесинин ар кандай бөлүктөрүн сезүүгө жардам бересиз.
Балаңызды колуңузга алыңыз же жумшак жерге жаткырыңыз жана анын жанына отуруңуз. Андан кийин анын алаканына акырын үйлөңүз. Ошол эле учурда: “Сенин (же баланын атын колдонсо болот) алаканың”, - деп айтыңыз. Алаканына үйлөгөндөн кийин, баланын колун өбүңүз.
Дененин бардык бөлүктөрүнүн аталышын айтуу менен ушинтип үйлөп чыгыңыз. Баланын бутун-колун, аларга үйлөп, ымыркайга кандай аталарын айткандан кийин өпкөндү унутпаңыз.
Баланы алаканына, бутуна, чыканагына, мойнуна, беттерине, манжаларына үйлөсө болот.
Баланын териси өтө назик экендигин унутпаңыз, андыктан шилекейиңизди чачыратпастан назик жана акырын үйлөңүз.
Мында бала эмнеге үйрөнөт: оң сенсордук тажрыйба жана чоңдор менен социалдык өз ара аракеттенүү кичинекей балдардын таанып-билүүсүн, жакшы көрүүсүн жана өзүн-өзү аңдап билүүсүн жогорулатат.