Алдын ала пландоо жүрүм-турумду башкаруу куралы катары
1. Татаал кырдаалдарды аныктаңыз
Алдын ала пландоону баштоодон мурда өзүңүз жана балаңыз үчүн татаал болгон кырдаалдарды аныктоо керек. Эреже катары, бул балаңыздын жүрүм-турумунан улам чыңалууну сезген, капаланган же уялган учурлар.
Алгач кырдаалды эмне оорлотуп жатканын түшүнүүгө аракет кылыңыз. Талаптардын көптүгүбү, убакыттын жетишсиздигиби же баланын зериккендигиби? Балким, айлана-чөйрөсү баланы ушундай көйгөйлүү жүрүм-турумга түртүп жаткандыр — мисалы, дүкөндө балаңыздын көзүнүн деңгээлинде болгон таттууларды алгысы келип жаткандыр.
Кырдаалды өз алдынча кантип чечүүнү ойлонуп көрүңүз, бирок жардам суроодон тартынбаңыз. Мисалы, өнөктөшүңүз азык-түлүк алып келгени кеткенде, сиз балаңыз менен үйдө калсаңыз же короодо сейилдесеңиз болот.
Эгерде сиз бул кырдаалдан алыс боло албай жатсаңыз же балаңыз жаңы тажрыйбадан алгылыктуу жүрүм-турумду үйрөнөт деп эсептесеңиз, алдын ала пландаштырып көрүңүз. Төмөндө биз айрым идеяларды сунуштайбыз.
Мүмкүн, балаңыздын чөйрөсүн өзгөртүү менен жакшы жүрүм-турумга кантип кызыктыруу керектиги жөнүндө көбүрөөк билсеңиз пайдалуу болот.
2. Күтүүлөрдү ачык айтыңыз
Балаңыз менен сүйлөшүп, татаал кырдаалга туш боло электе жүрүм-турум эрежелерин алдын ала талкуулаңыз. Кырдаалдан эмнени күтсө болорун жана кандай жүрүм-турум алгылыктуу экенин так билсеӊиз — бул көйгөйлүү жүрүм-турумду алдын алууга жардам берет.
Кичинекей балдар жана мектепке чейинки курактагы балдар менен сиз күткөн нерселерди талкууласаңыз болот. Мектеп курагындагы балдардын өздөрүнүн идеялары болушу мүмкүн, андыктан бир нече конкреттүү эрежелерди бирге иштеп чыккыла. Бул кадам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө окшош, бирок дагы да болсо акыркы сөздү сиз айтасыз.
Эрежелер так, конкреттүү, жөнөкөй жана сиз көргүңүз келген жүрүм-турумга багытталган болушу керек. Мисалы, догдурга баруудагы эрежелер: “Акырын сүйлө”, “Беткап жана буткап (бахила) кий”, “Өзүңдү тынч алып жүр” жана “Догдурдун суроолоруна жооп бер” деген сыяктуу болушу мүмкүн. Эрежелер көп болбосо, балаңыз оңой эстеп калат.
Эрежелер сакталганда жана бузулганда эмне болору жөнүндө алдын ала сүйлөшүп алган жакшы. Мисалы, доктурга көрүнөрдүн алдында балаңызга: “Сенин абалыңды айтып жатканда, менин тиземде отура бер. Догдур текшерүү үчүн суранса, оозуңду чоң ачып, тамагыңды көрсөтүү же терең дем алуу керек болот. Эгер менин жардамым же колдоом керек болсо, колумду карма. Өзүңдү тынч алып жүр – эгер догдур сени текшере албаса, анда ачуу дарыларды ичүүгө туура келет. Сен кыйкырсаң, аябай капа болом”, – деп эскертсеӊиз болот.
Балаңыз баарын туура түшүнгөндүгүнө ынаныңыз, эрежелерди кайталап айттырыӊыз, аны аткарбаганда эмне болорун да сураңыз. Муну татаал кырдаалдын алдында, мисалы, догдурдун кабинетине кирерде кайталаңыз.
Үй-бүлөлүк эрежелер жакындарыӊыздын өз ара жакшы баарлашуусуна жана үй-бүлөлүк жашоону тынч кылууга өбөлгө түзөт.
3. Балаңызды “окуучу” деп эсептеңиз
Көйгөйлүү жүрүм-турум баланын кырдаалды жеңүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрү жок болгондуктан келип чыгышы мүмкүн. Балаңызга татаал кырдаалдарда эмне кылууну кантип үйрөтөм деп ойлонуӊуз. Төмөндө бир катар сунуштар:
Балаңызга машыгууга жана ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз
Бала жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүп жатканда, ага баарын дароо эстеп, иш жүзүндө колдонуу кыйын болушу мүмкүн. Бала үчүн оор аракеттерди чакан бөлүктөргө бөлүп, ар биринде жакшы натыйжаларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз.
Төмөндө бир нече мисал:
- Сатып алуулар: чоӊ соода борборуна барардан мурда жакын жердеги дүкөндөргө бир нече товар сатып алуу үчүн бир канча жолу барууну пландаңыз.
- Конокко баруу: бала тааныбаган кишилерге алып барардан мурун жакшы досторуңуз же же жакыныраак туугандарыңыз менен жолугушууларды уюштуруңуз.
- Телефон чалуулар: телефон менен көпкө чейин жана орчундуу сүйлөшүү жүргүзгөнгө чейин досторуңузга чалып, балаӊыз менен аз-аздан сүйлөштүрүӊүз.
Балаңыз кайсы убакта өзүн жакшы алып жүрөрүн ойлонуңуз
Мүмкүнчүлүккө жараша бала үчүн татаал болгон кырдаалдарды анын күн тартибине ылайык пландаштырыңыз. Мисалы, балаңызды түштөн кийинки тыныгуу же тамактануудан кийин дүкөнгө алып барыңыз.
Балаңыз кайсы көндүмдөрдү өздөштүрүшү керек экенин аныктаңыз
Мисалы, телефон чалуулар учурунда көйгөйлөр пайда болсо, балаңызды ролдук оюн учурунда телефон аркылуу баарлашууга үйрөтсөңүз болот. Балага тааныш жана бейтааныш адам менен кантип саламдашуу, маектештен бир нерсе жөнүндө кантип сылык суроо же кантип туура коштошуу керектигин айтып бериңиз. Бул оюндардын жүрүшүндө балаңыз диалог жүргүзүп, өз кезегин күтүүгө
4. Балаңыздын бир нерсеге кызыгып, алек болушуна кантип көмөк көрсөтө аларыңызды ойлонуңуз
Кичинекей балдарды татаал кырдаалдарда кызыктыруучу иш-чараларды пландаштырыңыз. Мисалы, догдурга көрүнүү үчүн бейтапканада кезек күтүүгө туура келсе, кызыктуу китеп, түстүү калемдер жана чаптамалары бар боёмо китепчени же баланын шам-шум этишине тамак ала барыңыз.
Сиздин жардамыңыз менен мектепке чейинки курактагы жана мектеп жашындагы балдар өздөрү үчүн кызыктуу иш-чараларды пландай алат, а сиз аларды өзүңүз алектенчү иштерге тартууга аракет кылыңыз. Мисалы, азык-түлүк сатып алып жатканда балаңыздан текчелерден керектүү нерселерди таап, себетке салууну, нерселердин түстөрүн атап айтуусун же себеттеги нерселерди санап берүүнү сурансаңыз болот. Кезекте турганда шыбырап сөз оюндарын ойносоңор болот.
Унаада баратканда же телефон чалган учурларда бала үчүн атайын көңүл ачуучу нерселерди ойлонуштуруңуз. Булар аудиокитеп, музыка, стикерлер жана башкалар болушу мүмкүн.
5. Жакшы жүрүм-туруму үчүн алкаңыз
Татаал кырдаалдарда баланын өзүңүзгө жаккан жүрүм-турумуна көңүл буруп, мактаңыз. Сизге анын кандай жүрүм-туруму жагарын көрсөтүү үчүн ага көңүл буруңуз.
Кээде бала өзүн кандай алып жүрүү керек экенин унутуп калат, бирок мактап турсаңыз балаңыз келечекте жакшы жүрүм-турумун кайталоого аракет кылат. Баланы сындагандан көрө көбүрөөк мактаганга аракет кылыңыз. Көрсөтмө катары төмөнкү катышты карманыңыз: ар бир сынга алты мактоо туура келиши керек.
Мисалы, дүкөнгө барганда балаңызды жаныңызда жүргөнү, акырын сүйлөгөнү жана керектүү азык-түлүктөрдү табууга жардам бергени үчүн мактасаңыз болот. Эгер татаал кырдаал телефон чалуу менен байланышкан болсо, анда сүйлөшүүнү бир азга токтотуп, баланы тынч ойноп жатканы үчүн мактасаңыз же тыныгуудан пайдаланып аны кучактап койсоңуз болот.
6. Өзүңүзгө жакпаган жүрүм-турум болгон учурда кесепеттерди колдонуңуз
Эгерде сиз жогоруда сыпатталган аракеттерди аткарсаңыз, балаңыз өзүн жакшы алып жүрөрү шексиз. Бирок баланын туура эмес жүрүм-туруму кандай кесепеттерге алып келерин да ойлонуу керек.
Жакшы жаңылык сиз үйдө колдоно турган кесепеттердин көбүн бир аз өзгөртүү менен башка жерде да колдонсоңуз болорунда. Мисалы, эгерде сиз үйдө иш-аракеттерди токтотууну (тайм-аутту) колдонсоңуз, сиз аны дүкөндөргө барган учурларда да колдонсоңуз болот, балаңыздан супермаркетте бир аз убакыт отурушун же жаныңызда туруусун сурансаңыз болот.
7. Болуп өткөн окуя жөнүндө сүйлөшүңүз
Татаал кырдаалга кабылгандан кийин балаңыз менен сүйлөшкөнүңүз пайдалуу. Баарлашуу учурунда балаңыз эмнени жакшы аткарганын белгилеп, чогуу жетишкен ийгиликтерди айтыңыз.
Балаңыз келечекте башкача кылышы мүмкүн болгон бир же эки нерсени көрсөтүңүз. Кийинкиде ушундай кырдаал түзүлсө, бул сиздин максатыңыз болушу мүмкүн.
. Эгер телефон менен тынч сүйлөшүүӊүз керек болсо, ал убакта балаӊыз өз алдынча эмне кылса болорун алдын ала макулдашып алсаңар болот.
Балаңыздын жакшы жүрүм-турумун дайым мактап туруңуз.