Алгачкы 6 ай ичинде оптималдуу тамактануу
Эне сүтү - бул май, белок, углевод, фермент, витамин, минерал, суу жана башка ингредиенттерди баланын оптималдуу өсүшүн жана өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон катышта жана өлчөмдө камтыган аш болумдуу суюктук. Андан тышкары эне сүтү ымыркайларга көптөгөн инфекциялардан коргой турган антителолорду камтыйт. Эне сүтү менен багуунун артыкчылыгы эң эрте куракта башталат жана өмүр бою сакталат.
Эне сүтү ар дайым жеткиликтүү, стерилдүү, жаңы, ылайыктуу температурада болот. Ал балаңыздын керектөөлөрүнө атайы ылайыкташтырылган жана бир эмизүүнүн ичинде, бир нече сутканын ичинде, ошондой эле баланын жашы чоңойгон сайын өзгөрөт.
Эмчек эмизүү балаңыздын акыл-эс жактан өнүгүүсүнө түрткү берет. Эмизүү аркылуу сиз төрөттөн кийинки калыбына келүү мезгилин кыскартасыз жана кийинчерээк кээ бир ооруларга чалдыгуу коркунучун азайтасыз. Эмчек эмизүү - бул тамактануу эле эмес. Эмизүү учурунда эне менен баланын ортосунда бекем байланыш түзүлүп, баланын мээримге, жылуулукка жана коопсуздукка болгон керектөөсү уникалдуу жол менен канааттандырылат.
Балаңыз үчүн сүтүңүз жетиштүүбү кантип билүүгө болот?
Ымыркайга сүтүңүз жетиштүү деңгээлде болсо, анда:
- 24 сааттын ичинде 12 жолудан кем эмес эмет;
- кыска тыныгуулар менен ритмикалуу эмет, ээк кыймылдары байкалат, жутуп жатканы угулат;
- такма жалаяктарды 24 сааттын ичинде 6 же андан көп жолу боз түстөгү заара менен нымдайт;
- суткасына адатта 3-6 жолу заңдайт;
- алгачкы 4 айда орто эсеп менен жумасына 150-240 г салмак кошот;
- эмчек эмизүүнүн ортосундагы тыныгууларында активдүү, кыймылдуу.
Салмак кошуу
Төрөлгөндөн кийинки алгачкы күндөрү ымыркайдын төрөлгөндөгү салмагынан орточо 7%-10% жоготушу мүмкүн – бул нормалдуу. Лактация жөнгө салынып жана эмчек эмизүү жакшы колдоого алынса, бала күнүнө орто эсеп менен 25-30 граммдан салмак кошо баштайт. Ымыркайлар адатта өмүрүнүн 10-15 күндүк аралыгында төрөлгөндөгү салмагын калыбына келтиришет. Жакшы өсүп жаткан балдар, адатта айына кеминде 600 гр кошот. Албетте кээ бир балдар кыйла көп салмак кошот; эгер бала эне сүтүн гана эмсе, анда ал ашыкча салмак кошуп жатат деп коркпош керек.
Оорулуу баланын тамактануусу
Бардык ымыркайларды эмчек сүтү менен азыктандырса болот. Өзгөчө учурлар бул сейрек кездешүүчү тубаса зат алмашуунун бузулушунда болот. Айрым балдар, мисалы ара төрөлгөндөр же өпкөнү жасалма желдетүүнүн жардамы менен дем алып жаткан балдар эме албайт. Нышан, жүрөк кемтиги бар, Даун синдрому сыяктуу неврологиялык же генетикалык оорулары бар балдар эмчек эмүүдө кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн. Мыдай кырдаалдарда бала эмчекти эме алганга чейин, анын абалын эске алуу менен саалган эмчек сүтү менен тамактандырса болот.
Алгачкы 6 айдагы тыгыз байланыш жана эрте, жалаң гана эмчек сүтү менен багуу, баланын жакшы өсүшүнө жана өнүгүүсүнө жардам берет. Эне сүтү – баланын дени сак өсүшүн жана өнүгүүсүн колдоо үчүн жетиштүү болгон сиздин балаңыз үчүн биринчи эң мыкты толук баалуу азык.