Алгачкы күндөн баштап жакшы көңүл буруу

Алгачкы күндөн баштап жакшы көңүл буруу
Body

Балаңыз төрөлгөн күндөн баштап эле ага жакшы көңүл буруңуз:

  • балаңыз сизди караганда же жылмайганда, сиз да ага жылмайыңыз.
  • балаӊыз ыйлап жатканда, сооротуңуз.
  • баланын үнүнө жооп кайтарыңыз: ага бир нерсе деӊиз же анын үнүн туураңыз.
  • балаңыздан көзүңүздү албай сүйлөңүз.
  • үнүңүздү өзгөртүп же ымдап, балаңыздын көңүлүн буруңуз.
  • үнүңүздү жумшак чыгарып, жай, акырын сүйлөңүз.
  • бала эмнеге кызыгып жатканын байкап, тегеректеги бардык нерселерди изилдешине — бир нерсени алышына, ага жетишине, кармап көрүшүнө, ыргытышына, жылдырышына, көз салышына, издешине жардам бериңиз; анын ийгиликтерин ыргактуу сөзүңүз менен белгилеп, эмне кылып жатканын айтып, жылмайыңыз.
  • баланын реакциясын күтүңүз: ал канчалык жөнөкөй реакция болсо да, аны билдирүүгө убакыт бериңиз. Эмнени сурап жатканыңызды түшүнүп, сиз тарапты карашы үчүн балага убакыт керек болот.
  • сабырдуу болуңуз жана балаңыз ийгиликке жеткенде, ага жылмайып, жагымдуу сөздөрдү айтып кубаттаңыз. Бала менен сүйлөшүп жатканда, ал үн чыгарып, сизге бир нерсе айткысы келиши мүмкүн.
  • балаңыздын бардык “иштерге” катышуусуна мүмкүндүк бериңиз. Ага көз салып, мимикасын, эрдин чормойткондо же оозун ачканда, үн салганда, бардык иш-аракеттерин жылмаюу жана жагымдуу сөздөр менен колдоп туруӊуз.