Андан ары эмне болот...? Сюжеттик оюн!
Сизге: жакшы маанай керек!
Оюндун маңызы эмнеде: оюндун максаты жөнөкөй — биргелешип кызыктуу окуяны айтып берүү!
Оюнчулардын санына жараша балдарды тегерекке отурууну сураныңыз — же кезек качан келерин билүү үчүн оюндун тартиби жөнүндө сүйлөшүп алгыла. Окуянын башталышын айтып, оюнду баштай турган бир оюнчуну тандаңыз...
Ар бир оюнчуда окуянын өз бөлүгүн айтууга бир мүнөт убакыт берилет. Убакыт бүткөндө кийинки оюнчу оюнду мурунку оюнчу токтогон жерден улантат.
Окуя акыркы оюнчунун катышуусу менен аякташы же убакыттын регламенти белгилениши мүмкүн (мисалы, беш мүнөт) — оюнчулар убакыт бүткөнчө кезектешип “айта беришет”. Окуя канчалык узун /убакыт же оюнчулар канчалык көп болсо, ошончолук көп нерсени ойлоп табууга туура келет!
Балдарга мүмкүн болушунча укмуштуу окуяларды айтып берүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз. Окуяда канча каарман бар? Иш кайда болот? Күтүлбөгөн сюжеттик бурулуштар болобу? Бул кызыктуу жана чыгармачыл оюн баарыңарда күлкү жаратаары шексиз!
Оюнга кызыктуу бурулуш кошуңуз — оюнчу окуянын бир бөлүгүн айтып бергенден кийин, ким уланта тургандыгын тандай алат. Балдар баяндоонун жүрүшүн кылдаттык менен байкашы керек болот!
Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул оюн — элестетүү жөндөмүн, ошондой эле угуу жөндөмүн, сүйлөө жөндөмүн жана социалдык көндүмдөрдү жана өзүнө ишенүүнү өнүктүрүүнүн мыкты ыкмасы. Андан тышкары, атайын даярдыкты талап кылбайт — каалаган убакта жана каалаган жерде ойноого болот!