Апасы жана атасы менен сүйлөшүү
Сизге: жакшы маанай керек!
Оюндун маңызы эмнеде: бул сиздин балаңыздын сүйлөөсүн өнүктүрүү үчүн көнүгүү.
Кичинекей балаңыздын ар бир үнүнө же “репликасына” жылмаюу, жактыруу кыймылдары, бир нерсе айтуу, үндөр же сөздөр менен жооп бериңиз. “Сүйлөшүү” учурунда мимика, жаңсоолор жана үндүн тонун өзгөртүү менен “маектешүүнү” уланта бериңиз.
Жалаякты алмаштырганда, жуунтканда жана каалаган убакта жасоого болот — бул ортоңордо коммуникативдик байланыш түзүүгө жардам берет. Эгер бала кандайдыр бир учурда “сүйлөшкүсү” келбесе, талап кылбаңыз.
Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул сиздин балаңызга кичинекей кезинде сүйлөө принциптерин жана ритмин түшүнүүгө жардам берет жана дүйнө кандай түзүлгөндүгүн түшүнүүгө негиз түзөт. Кайталоо балдарга сөздөрдү жаттоого жардам берет, ал эми сөздөрдүн ортосундагы байланышты өздөштүрүү аларга дүйнөнүн сүрөтүн түзүүгө жардам берет. Сүйлөө речин өнүгүшүн стимулдаштыруудан тышкары балаңыз менен дайыма сүйлөшүү ортоңордогу ынактыкты орнотуу үчүн пайдалуу.