Ар кандай үндөргө
Сизге: жакшы маанай керек!
Оюндун маңызы эмнеде: оюнду баштаардан мурда тынч бөлмөнү же сизди жана балаңызды эч нерсе алаксытпаган жерди даярдаңыз.
Баланын маңдайына килемге же полго отуруңуз. Кичинекей балаңыз менен ар кандай үн менен сүйлөшүп көрүңүз — улгайган адам катары же тескерисинче жаш адам катары. Баланын көңүлүн буруу үчүн үнгө жаңсоолорду кошсо болот. Бийик жана ичке, бир аз катуураак жана бир аз акырын үн менен сүйлөңүз. Ар кандай үн менен ырдоого аракет кылып көрүңүз. Балаңыздын реакциясын байкап, ар кандай үндөрдү чыгарууга жана сиз менен “ырдоого” аракет кылуу үчүн аны да кубаттаңыз.
Балаңыз чыгарган үнгө үн жана жаңсоолор менен реакция кылыңыз. Бул экөөңөр кезектешип “сүйлөшүп” жатканда кичинекей балаңыз менен “сүйлөшүүгө” мүмкүнчүлүк берет.
Бул ыкмаларды китеп окуу, үй-бүлө мүчөлөрүн сүрөттөө же ырларды ырдоо аркылуу колдонсоңуз болот. Балаңыз сиздин артыңыздан кайталоо менен өз үнүн колдонууга аракет кылат.
Мында бала эмнеге үйрөнөт: кичинекей балаңыз үчүн бул кызыктуу иш-аракет ага үнүн ишенимдүү колдонууга жардам берет, баарлашууда кезектешип “сүйлөөгө” үйрөтөт жана баарлашуу жана социалдык өз ара аракеттенүү жөндөмдөрүн өнүктүрөт.