Ара төрөлгөн баланын дене тили
Ара төрөлгөн балаңыздын чаалыккандыгын билдирүүчү белгилер
Ара төрөлгөн ымыркайлар өзүн ыңгайсыз сезип, чарчаганын же стресс болгондо дене тили менен билдириши мүмкүн.
Төмөндө ара төрөлгөн баланын мындай абалынын айрым көрүнүштөрү келтирилди:
- бала тез-тез ойгонуп, маанайы түшөт;
- ойгонгондо ыңгайсызданганын көрсөтөт (ыңгыранат, чыргоолонот);
- ымдоо-жаңсоо менен тынчсызданганын билдирет (чекесин тырыштырат);
- колу-бутун башаламан жана капыстан кыймылдатып, колунун жана бутунун манжаларын ачып-жумат, колу менен бетин эрксиз жаап алат;
- тез жана үстүртөн дем алат, баланын жүрөгүнүн согушу тездеши мүмкүн;
- терисинин түсү өзгөрөт (кубарып, кызарып, көгүш тартып калат);
- ымыркай оозун ачып эстейт, чүчкүрөт, ыктытат, какайт же кулгуйт.
Балаңызды колго алганда бул белгилерди байкасаңыз, үстүн жаап, аны кыймылдатпастан кармаңыз жана бир канча убакыт эч нерсе кылбаңыз. Ошенткенде ал оӊоюраак тынчтана алат.
Эгерде балаңыз инкубатордо болсо, кыймыл-аракетиндеги өзгөрүүлөрдү медайымга айтып, наристеге ыңгайлуу болуш үчүн айлана-чөйрөсүн өзгөртүүгө жардам берүүнү ойлонуӊуз. Мисалы, ызы-чууну, жарыкты басаӊдатуу же баланын абалын өзгөртүү керек болушу ыктымал.
Ара төрөлгөн ымыркайыңыздын беймарал болгондугунун белгиси
Ара төрөлгөн балаңыз эч кандай ыңгайсыздыктын белгилерин көрсөтпөсө эс алып, жайлуу жатат деп божомолдосоңуз болот.
Ара төрөлгөн наристе өзүн жакшы сезип жаткандыгын төмөнкү белгилерден да байкасаңыз болот:
- ал тынч жана бир калыпта дем алат;
- дене булчуңдары бош абалда;
- колдору жана буттары жай кыймылдайт;
- жагымдуу нерсени көргөндө кыймылдабай калат.
Балаңызга кызыктуу бир нерсени (мисалы, бетиңизди) тиктеп, тигилип кароо жагышы мүмкүн, бул учурда анын денеси кыймылсыз, дем алуусу жай болот. Бул анын кызыгып жаткандыгын көрсөтүү ыкмасы.
Ара төрөлгөн бала чоңойгон сайын сергек болуп, аз убакыт ойной алат. Бул учурларда ымыркай менен сүйлөшүп, ага кызыктуу оюнчук берип, колуңузга алып, ыр ырдап берсеңиз болот. Баланы чарчатпаш үчүн кыймылдуу оюндарды жайбаракат аракеттер менен айкалыштырганга аракет кылыңыз.