Арабалардын жарышы
Сизге керектүү материалдар: Эч нерсе
Бирге эмне кылсаңыз болот: Балдар чуркай турган тегиз, чөптүү жерди таап, старт жана финиш кайда болоорун аныктап алыңыз. Жарышкандарды экиге бөлүңүз. Ар бир жупта бирден бала "араба" болуп, алды жакка чөптүн үстүндө жатат, ал эми экинчиси "айдоочу" жана командалашынын бутунун жанында турат. Жарыш башталаарда "айдоочу" "арабаны" томугунан кармап көтөрүп, "араба" колдоруна таянып өзүн жерден көтөрөт. Анан ... даяр болгула, тургула, жөнөгүлө! Жарышкандар, "араба" колунда басып, анын артында бараткан "айдоочу" аны буттарынан кармап көтөргөн калыпта, марага чейин мүмкүн болушунча ылдамыраак жылышат. Алар күлкүдөн жыгылбай, аягына чейин жетише алышабы?!
Араба ылдамдыкты аныктай берсин –– айдоочу эмес!
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Бул классикалык оюн балдардан эки-экиден иштөөнү талап кылат, алар социалдык деңгээлде машыгып, финиш сызыгына чогуу барышат. Алар тең салмактуулукту, координацияны, күчтү жана командалык иштөө жөндөмдөрүн сынап көрүү менен биргеликте бир топко көңүл ачып, күлкүлөргө ээ болушат!