Ашыкча салмак жана май басуу менен жабыркаган балдар үчүн жалпы сунуштар
Бала ашыкча тамактануунун жана / же жетишсиз физикалык активдүүлүктүн натыйжасында ашыкча салмак кошушу мүмкүн. Буга баланын айлана-чөйрөсүндөгү жана кам көрүүдөгү өзгөрүүлөр, ошондой эле мүмкүн болгон генетикалык бузулуулар себеп болушу ыктымал. Дененин ашыкча салмагы бала кезде, ошондой эле кийинчерээк дагы ден соолукка байланыштуу көптөгөн көйгөйлөргө: сөөктөрдүн жана муундардын деформацияланышы, жүрөк жана кан тамыр оорулары, диабет; психикалык көйгөйлөр (депрессия жана өзүн өзү төмөн баалоо) алып келиши мүмкүн.
Эгер балаңыздын салмак кошо баштаганын байкасаңыз, аны толук текшерүүдөн өткөрүү үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге алып барыңыз.
Ымыркайлар үчүн сунуштар
Ымыркай үчүн эң жакшы тамак - бул бардык керектүү азык заттарды тең салмактуу катышта камтыган эне сүтү, ошондуктан, ал биринчи 6 айда оптималдуу тамак катары жана андан ары кошумча тамактарды берүү сунушталат.
6 айдан жогорку курактагы балдарга сунуштар
Сиздин балаңыз, эгерде ал 6 айдан жогорку куракта болсо, анда анын курагына жана оптималдуу тамактануу боюнча сунуштарга ылайык санда жана жыштыкта башка тамактарды колдонуп жатканына ынаныңыз. Эгер андай эмес болсо, анда керектүү өзгөртүүлөрдү киргизиңиз.
Балаңыздын тамактануусуна көңүл буруңуз. Аны сиз даярдаган тамактын бардыгын жегенге мажбурлабаңыз, бирок анын тоюу сезимин эске алыңыз. Аны өз алдынча тамактануусун колдоңуз, ошондо ал тойгонун биле баштайт. Балаңыздын физикалык активдүүлүгүн кубаттаңыз жана кеминде 30 мүнөттүк интерактивдүү оюндарды жерде ар кандай позицияларда ойноого шарттарды түзүңүз. Түнкү уйку анын жаш курагына жана керектөөлөрүнө жараша 12 сааттан 17 саатка чейин болууга тийиш. Балага эрте жашынан баштап туура тамактануу жана физикалык активдүүлүк боюнча сунуштарды колдонуу анын дени сак жана ийгиликтүү жашоого болгон мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.