Ата-эне менен баланын ортосунда жакшы мамилени кантип түзүүгө болот
Катышууну көрсөтүү ата-эне менен баланын ортосундагы мамилеге кандайча жардам берет
Катышуу жана көңүл буруу баланын толкунуна ылайыкташып, учурда ага эмне болуп жаткандыгын түшүнүүнү билдирет. Бул сиздин балаңызга анын эмоциясын бөлүшүп, ал үчүн маанилүү болгон нерселерге кызыгып жатканыңызды көрсөтөт — бул бекем мамиленин негизи.
Бала үчүн маанилүү болгон катышууну көрсөтүүгө жардам берген бир нече кеңеш:
- Макулдугуңузду жана жактырууңузду көрсөтүңүз, балаңызга жаккан нерсени жасасын жана дайыма эле жетекчилик кылбоого аракет кылыңыз. Мисалы, эгер балаңыз кубиктер менен ойноп жатканда алардан мунара курбастан куурчактай ойносо — жолтоо болбоңуз. Эч качан кичинекей баланы оюнчуктар менен “туура” ойноого мажбурлоого аракет кылбаш керек.
- Балаңыздын жасап жаткан нерселерине көңүл буруп, комментарий бериңиз же чогуу ойноңуз. Мисалы, “чоң көк кубиктер – булар сатуучуларбы? Ал эми кичинекей кызыл кубик кардарбы? Ал эмне сатып алып жатат?”.
- Балаңызды угуп, анын эмне айткысы келип жатканын түшүнүүгө аракет кылыңыз. Мисалы, ал бир күндө болгон окуялардын бардыгын бир эле учурда узак жана көп айтып берсе, анда ал жаңы тарбиячыны жактыргандыгын же бүгүн күн бою жакшы маанайда болгонун айтууга аракет кылышы мүмкүн.
- Балаңыздын жүрүм-туруму сизге эмне жөнүндө айтып жаткандыгы жөнүндө ойлонуп көрүңүз, ошондо сизге балаңызга чындыгында эмне керек экендиги түшүнүктүү болот. Мисалы, эгер сиздин өспүрүм кызыңыз ашканада жөн эле ары-бери жүрсө жана ошол эле учурда эч нерсе деп айтпаса, анда ал сиздин жаныңызда болгусу келиши мүмкүн. Жөн гана аны кучактаңыз же ага тамак жасоого жардам берүүнү сунуштаңыз, эгер ал каалабаса, сөзсүз түрдө сүйлөшүүнүн кереги жок.
Катышууну көрсөтүү жана балага көңүл буруу ага кээде демилгени колго алууга мүмкүнчүлүк берүүнү билдирет, мисалы:
- Кичинекей балаңыз менен ойноп жатканда, ал ойногусу келген нерсени чогуу ойноп, чогуу көңүл ачыңыз.
- Чоңураак балага демилгени өзүнө алууга мүмкүнчүлүк бериңиз, анын идеяларын колдоңуз — мисалы, ал үй-бүлөлүк түшкү тамактын менюсун түзүүнү кааласа, макул болуңуз.
- Балаңыз өз оюн билдиргенде, анын ою жана сезимдери жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн аны менен сүйлөшүңүз.
Баланын сөздөрүн кайталоо же кайра фразалоо, жылмаюу жана көз менен байланышуу, аны менен сүйлөшүп жатканда же убакыт өткөргөндө сиз катышууну көрсөтүп, көңүл буруп жатканыңызды билдирет. Сиз тараптан мындай жылуулукту жана кызыгууну билдирүү балаңызга өзүн тынч жана ишенимдүү сезүүгө жардам берет.
Ата-эне менен баланын ортосунда мамиле түзүү үчүн убакытты кантип натыйжалуу өткөрүүгө болот
Ата-энелер менен балдардын ортосундагы позитивдүү мамиле чогуу убакыт өткөрүүгө негизделет. Бирге жана жакын болуу менен силер бири-бириңердин тажрыйбаңар, ойлоруңар, сезимдериңер жана өзгөрүүчү кызыкчылыктарыңар жөнүндө билесиңер. Бул бала менен мамиле түзүүнүн эң сонун элементи.
Убакытты натыйжалуу өткөрүү — эч нерсеге алаксыбастан көңүлүңүздү толугу менен балаңызга бурууну билдирет. Бул негизинен бала менен болгон ар кандай иш-аракет — каалаган убакта жана каалаган жерде: мисалы, жуунуп жатканда чогуу күлгөн учур.
Балаңыз менен чогуу убакыт өткөргөндө сиз аны баалай турганыңызды көрсөтөсүз. Бирге жылмайып, күлүп, назик кучакташып, бири-бириңердин көзүңөргө карай аласыңар, жакшы мамилелердин үлгүсүн көрсөтөсүңөр.
Балдарыңыздын ар бири менен жекеме-жеке убакыт өткөрүүгө аракет кылыңыз. Балдардын бардыгы ар башка жана сизге балаңыз өзүн бир нерсе менен жакшы алектендирип жаткандай сезилиши мүмкүн, бирок чогуу өткөргөн убакыт— дайыма бардык балдарга пайдалуу. Жумуш күндөрү балдар менен көп убакыт өткөрбөшүңүз мүмкүн, бирок мүмкүн болушунча узак убакыт өз ара аркеттенген жакшы.
Балаңыз менен өткөргөн убактыңыз анын окуусуна да таасир этет. Мисалы, балаңыз менен жашоосунун алгачкы үч жылында сүйлөшкөнүңүз ага тил үйрөнүүгө жардам берет.
Ата-эне менен баланын ортосундагы позитивдүү мамиледеги ишеним, кам көрүү жана сый-урмат
Ишеним жана сый-урмат — бул ата-эне менен баланын ортосундагы позитивдүү мамиленин милдеттүү компоненттери.
Бала менен жашоосунун алгачкы жылдарында да ишенимди жана сый-урматты өнүктүрүү маанилүү. Балаңыз өз муктаждыктарында ага кам көргөн адамдарга ишене алаарын билгенде өзүн тынч жана ишенимдүү сезет. Балаңыз чоңойгон сайын ишеним жана сый-урмат эки тараптуу процесске айланат.
Сиз ортоңордогу мамилени түзүү менен ишенимди жана сый-урматты стимулдаштыра аласыз. Мисалы:
- Балаңыз колдоого, камкордукка же жардамга муктаж болгондо жардамга келиңиз — кандай гана кырдаал болбосун, кичинекей бала жыгылып калса тургузуу же өспүрүмдү кечеден алып кетүү, эгерде ал өтүнүч менен кайрылса. Бул ага сиз керек болгон учурда дайыма жанында болоруңузга ишенүүгө үйрөнүүгө жардам берет.
- Балаңызды түшүнүңүз жана аны кандай болсо ошондой баалаңыз. Эгер кызыңыз футболду жакшы көрсө, аны колдоңуз же футбол жана сүйүктүү оюнчулар жөнүндө сүйлөшүңүз. Бул анын сезимдерин жана ой-пикирлерин урматтоо жөнүндө күбөлөндүрөт, ошондой эле ал сизге баарын айтып бере алаарын билдирет.
- Балаңыздын өнүгүүсү менен, анын муктаждыктары жана кызыкчылыктары өзгөргөн сайын сиздин мамилеңиз өнүгөт. Мисалы, өспүрүм кезинде бала достору менен сейил бакка барганда, ал жерде сиз менен ойногонду мурда жактырса да, сиздин жанында болушуңузду каалабашы мүмкүн.
- Үй-бүлөлүк эрежелерди бекем, бирок адилеттүү орнотуңуз. Эрежелер — бул сиздин үй-бүлөңүз жакын адамдарына кантип кам көрөрү, аларга кандай мамиле жасаары жөнүндө так көрсөтмөлөр. Алар балаңызга сиз ага болгон мамилеңизде ырааттуу болооруңузду билүүгө жардам берет.