Аталардын катышуусу

Аталар бирдей эле, ымыркайлар менен байланышуу, алар менен мамиле түзүү жана аларга кам көрүү үчүн күчтүү тубаса жөндөмгө ээ. Ата менен ымыркайдын байланышы гормоналдык / нейробиологиялык жана психологиялык негиздерге ээ жана балдардын өнүгүшү үчүн өтө маанилүү.
Body

Дүйнөнүн көпчүлүк коомдорунда балдарды кароо энелердин милдети деп эсептелет, ал эми аталарды катышуудан активдүү баш тартуусун үндөшөт. Улуттук саясат  жана бизнес мындай ченемдерди компаниянын бир тараптуу саясаты түрүндө коддошкон, мисалы, аталар үчүн баласын кароо өргүүсүнө уруксат берилбейт же чектелет. Булар ата-энелердин же эркек камкорчулардын ата-энелик мүмкүнчүлүгүн толук аткаруусун чектейт, ошол эле учурда энелерге же аял камкорчуларга  оорчулукту илишет. Аталарда ымыркайлар менен байланышуу, алар менен мамиле түзүү жана аларга кам көрүү үчүн күчтүү тубаса жөндөмдүүлүктөргө ээ экендигин түшүнүү керек. Ата менен ымыркайдын байланышы гормоналдык / нейробиологиялык жана психологиялык негиздерге ээ жана балдардын өнүгүшү үчүн өтө маанилүү. (Family Included, 2018).

Ата-энелер үчүн кеңештер:

  • Балаңыз төрөлөөр алдында, ата-эненин өргүүсүнө байланыштуу саясаттын артыкчылыктарын пайдаланып, бала багуу үчүн жетиштүү убакыт бөлүп, өнөктөшүңүз менен үй тиричилик милдеттерин бөлүшүүгө даяр экениңизди текшерүү үчүн, жумуш убактыңызды жана башкаларды пландаштырыңыз.
  • Ата болуу биринчи кезекте аябай  оор, чоң тажырыйбаны талап кылгандай сезилиши мүмкүн. Сиздин өнөктөшүңүздө бардыгы көзөмөлдө болгондой сезилиши ыктымал, ал эми сизде жок. Бардык аталардын, өз баласы менен байланышып, аларды тарбиялай ала турган тубаса жөндөмү бар жана ата-энелик тажрыйба бала үчүн дагы, ата-энеси үчүн дагы пайдалуу экендигин эсиңизден чыгарбаңыз.
  • Аталарды жана эркек -камкорчуларды  бала төрөлгөндөн баштап аны багууга толук кандуу катышууга жана бардык иш -чараларга, анын ичинде тамактандырууга, ойнотууга, жуунтууга, кенгуру методу менен кам көрүүгө жардам беришин кубаттоо керек.
  • Ата-энелердин «териге тери» тийгизүү контактысы деп белгилүү болгон, кенгуру методу менен кам көрүү,  айрыкча жаңы төрөлгөн ымыркайлар балдар үчүн ден-соолукка пайдалуу экени далилденген. Денеге тийгенде, ымыркай өзүн коопсуз сезет, ошондой эле сиз менен ишенимди жана байланышты бекемдейт жана балаңыздын мээсинин өнүгүшүн шарттайт.
  • Саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана тутумдары балдардын ден-соолугун текшерүү, иммунизация ж.б.у.с. учурурларда аталардын катышуусун активдүү колдоп кубатташына ишениңиз.
  • Аталарга жана эркек багуучуларга көндүмдөрдү өрчүтүүгө жана психологиялык жактан колдоо көрсөтүүгө ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында ата-энелерди (мисалы, аталар тобу) окутууну жана колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу.
  • Балаңыз менен жекеме-жеке убакыт өткөрүңүз: бул байланышуу түзүүгө  жана мамиле курууга мыкты мүмкүнчүлүк берет, ошол эле учурда балаңыздын өзүн-өзү сыйлоо сезимин жогорулатат.
  • Балдарыңыз менен көп сүйлөшүп, окуяларды айтып, ырдап, эки тараптуу баарлашууну кубаттаңыз
  • Балдардын сигналын алардын жүрүм-туруму жана дене-бой тили аркылуу билип алыңыз, мисалы, ымыркайдын ыйлоосу ачка болгондо жана чарчаганда ар кандай угулушу мүмкүн.
  • Өнөктөшүңүзгө бала эмизүүдө колдоо көрсөтүңүз, төрөлгөндөн кийинки алгачкы айларда бул көп учурда кыйын жана чарчап калышы мүмкүн экенин түшүнүңүз,  мисалы, кубаттап, эмизүүнүн ортосунда баланы кармоо, керек болсо бөтөлкө берүү ж.б.