Айлана-чөйрөнү өзгөртүү жүрүм-турумду башкаруу куралы катары
Балаңыздын айлана-чөйрөсүн өзгөртүү: бул эмнени билдирет?
Эгер балаңыз өзүн сиз каалагандай алып жүрбөсө, анда мындай жүрүм-турумдун себептерине көңүл буруу керек. Балким себеп анын чөйрөсүндө болушу мүмкүн. Балаңыздын айлана-чөйрөсүн өзгөртүү менен анын жүрүм-турумун да өзгөртө аласыз.
Айлана-чөйрөнү өзгөртүү балаңыздын айланасында болуп жаткан нерселерге анча-мынча башкарылуучу өзгөрүүлөрдү киргизүүнү билдириши мүмкүн. Бул көчүп кетүү, эмеректерди алмаштыруу, кымбат оюн жабдууларын орнотуу же ушул сыяктуу нерселерди билдирбейт.
Балаңыздын чөйрөсү: бул эмне?
Эгер сиз балаңыздын жүрүм-турумунун айрым өзгөчөлүктөрү жөнүндө ойлонуп жатсаңыз же аны өзгөрткүңүз келсе, анда баланы курчап турган чөйрөгө көңүл буруу керек. Балаңыздын “жүрүм-турум чөйрөсү” төмөнкү компоненттерден турат:
- анын жүргөн жери — бала паркта, үйдө, супермаркетте же конокто;
- айлана-чөйрөдөгү буюмдар — оюнчуктар, китептер, турмуш-тиричилик буюмдары, ошондой эле сиз баланын ойношун каалабаган башка нерселер;
- башка балдар жана алардын жүрүм-туруму;
- сенсордук кыжырды келтирүүчү нерселер — жарык, ызы-чуу, жыттар, тийүү сезимдери, айлана-чөйрөнүн температурасы;
- күндүн убактысы;
- сиздин балаңыз менен баарлашуу ыкмаңыз — өтүнүч же көрсөтмө берүү.
Ушул факторлордун бардыгы балаңыздын жүрүм-турумуна таасир этиши мүмкүн, атүгүл кээде анын каалабаган көрүнүштөрүн жаратышы мүмкүн. Мисалы, балаңыз:
- баалуулулугана көңүл бурбастан, ага жеткиликтүү буюмдар менен ойноону каалашы мүмкүн;
- коопсуздукка көңүл бурбастан, мейкиндикти активдүү изилдөөнү каалашы мүмкүн;
- эс алууга убакыт келгенде чарчоону сезиши мүмкүн;
- айланасында ызы-чуу же иш-аракет көп болсо, көңүлү чөгүп, чарчап же толкунданышы мүмкүн;
- сүйүктүү оюнчуктарды же буюмдары менен бөлүшүүдөн баш тартышы мүмкүн;
- эгерде түшүнүү кыйын болсо, анда сиздин көрсөтмөлөрүңүздү аткарбашы мүмкүн.
Балаңызды курчап турган мейкиндикти өзгөртүү
Балаңыздын курчап турган мейкиндигин өзгөртүү боюнча айрым идеяларды колдонуп, ага өзүн сиз күткөндөй алып жүрүүгө жардам берсеңиз болот.
Үйдө
- Баланын көзү көргөн жана колу жеткен жерден морт же кымбат баалуу буюмдарды алып салыңыз — бул анын коопсуздугу жана жакшы жүрүм-туруму үчүн маанилүү.
- Балаңыз капаланганда ага “тынч жер” уюштуруңуз. Бул атайын жаздык же анын сүйүктүү китептери жана оюнчуктары турган столдун астындагы “жашыруун жер” болушу мүмкүн.
- Балаңыз бир нерсеге көңүл бурушу керек болгондо планшеттердин, смартфондордун жана телевизорлордун жаркыраган экрандары түрүндөгү тышкы кыжырды келтирүүчү нерселердин өчүрүлгөндүгүн текшериңиз. Мисалы, ал үй тапшырмасын аткарып жатканда же мектепке бара жатканда.
Үйдөн тышкары
- Эгерде балаңызга жүрүм-турумун, айрыкча үйдөн тышкары жерде башкаруу кыйын болуп жатса, мүмкүн болсо сейилдөө үчүн коопсуз мейкиндикти — тосулган короону же тааныш оюн аянтчасын тандаңыз. Бул учурда, сейилдеп жүргөндө анын коопсуздугу жөнүндө азыраак тынчсызданасыз жана балаңыздын жүрүм-туруму башкаларды капалантат деген ыктымалдык азыраак болот.
- Унаага, поездге же автобуска отурардан мурда балдар кандай отурарын алдын ала ойлонуштуруңуз. Зарыл болсо, орундарды алмаштырса болот. Мисалы, ата же эне эки баланын ортосунда отурушу мүмкүн, ал эми терезе жакка балдар кезектешип отура алышат.
- Үй-бүлөлүк эс алууну пландаштырууда сизге жана балдарыңызга жаккан деталдарга кам көрүңүз — мисалы, балаңыз үчүн балдар аянтчасынын жана сиз үчүн эс алуучу жайдын жанында жайлуу үй-бүлөлүк кафенин болушу.
- Узак жол жүрүү учурунда абалды өзгөртүү үчүн музыка коюңуз. Эгер балаңыз тажап кетсе, шаңдуу музыка уксаңар болот же тынч болгуңуз келсе, эс алдыруучу музыка коюуга болот.
Оюнчуктар жана буюмдар
- Балдарыңыздын жаш курагына жана кызыкчылыктарына жараша оюн мейкиндигин ойлонуштуруңуз. Мисалы, улуу балаңызга кичинекей иниси же карындашы тоскоол болбош үчүн конок бөлмөсүндөгү чоң столдо конструкторлор менен ойноону сунуштасаңыз болот.
- Буюмдарды жана оюнчуктарды түзүмдөштүрүү жөнүндө ойлонуңуз. Сүйүктүү оюнчуктардын же иш-аракеттердин чакан бөлүгүн балага жеткиликтүү жерге коюп, калган оюн материалдарын жабык кутучаларда сактаңыз. Ошентип, сиз баланын коопсуздугун көзөмөлдөп, өнүгүү чөйрөсүн жаңыртып турасыз.
- Эгерде сиз коноктордун келишин күтүп жатсаңыз, балаңызга башка балдар менен бөлүшкүсү келбеген оюнчуктарды алып салууга жардам бериңиз.
Баланын режимине ылайык иш-аракеттерди өзгөртүү
Эгерде сиз балаңыздын айлана-чөйрөсүн өзгөртүүнү чечсеңиз, анда тигил же бул иш-аракет качан болору жөнүндө ойлонуп көрүңүз. Сиз балаңыздын жүрүм-турумуна анын күн тартибин эске алуу менен иш-чараларды пландаштырып таасир эте аласыз. Төмөндө бир нече идея:
- Уктаар алдында тынч иш-аракеттерди жана оюндарды кубаттаңыз.
- Түшкү уйкудан кийин балаңыз менен азык-түлүк дүкөнүнө барсаңыз болот.
- Мектепке/бала бакчага шашылбастан жана тынч даярдануу үчүн эрте туруңуз.
- Ваннадан чыгаарда ызы-чуу болуудан алыс болуу үчүн кечинде уктаганга чейин ваннага эртерээк түшүүнү адатка айландырыңыз.
- Унаа менен узак сапарда тез-тез токтоону алдын ала пландаштырыңыз.
Баарлашуу стилин өзгөртүү — өтүнүчтөрдү жана көрсөтмөлөрдү баланстоо
Баарлашуу стилин өзгөртүү менен баланын жүрүм-турумуна таасир этишиңиз мүмкүн. Балаңыз менен кантип сүйлөшүп жатканыңызды жана андан бир нерсе кылууну суранганыңызды талдап көрүңүз.
Көрсөтмө — бул балаңызга бир нерсе жаса деп айтуу. Эгерде сиз так, кыска жана жөнөкөй көрсөтмөлөрдү берсеңиз, анда балаңыз андан эмне күтүлөрүн түшүнөт, мисалы: “Сураныч, жолдон өтүп бара жатканда колумду карма”. Бирок, көрсөтмөлөр өтө эле көп болсо, балдар көңүлү чөгүп же баш ийбей коюшу мүмкүн.
Өтүнүч — бул балаңыздан бир нерсе жасоону суранган учур. Мисалы: “Дасторкондун үстүн даярдай бересиңби, суранам?” Бул учурда бала тандап, ооба же жок деп жооп бериши мүмкүн. Өтүнүч же каалоо балаңызга кырдаалды тандап, башкара билүү сезимин берет, бул өз кезегинде ортоңордогу кызматташуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртат.
Бала менен сүйлөшүп жатканда көрсөтмөлөрдү жана өтүнүчтөрдү айкалыштырууга аракет кылыңыз. Мүмкүн болсо, өз каалоолоруңузду көрсөтмө түрүндө эмес, өтүнүч түрүндө көбүрөөк айтууга аракет кылыңыз.