Бактыга жараша, тилекке каршы
Сизге: жакшы маанай керек!
Оюндун маңызы эмнеде: оюнчулардын кимиси окуяны баштаарын тандаңыз — бул бир нерсе жөнүндө бир сүйлөм болушу керек. Мисалы: “Каракчылар командасы кемеси менен аралга кымбат баалуу буюмдарды издеп жөнөштү”.
Экинчи оюнчу айтат; “Тилекке каршы... “ жана бир нерсе туура эмес болуп калганын айтуу менен окуяны улантат, мисалы, “ ... аларга деңиз желмогузу кол салды”.
Кийинки оюнчу мындай дейт; “Бактыга жараша... “ жана кыйынчылыктан алыс болууга жардам берген нерсени ойлоп табуу менен окуяны улантат. Мисалы: “ ... абакта жашаган кичинекей чычкан деңиз желмогузун куйругу менен кытыгылап, каракчылар качып кетүүгө жетишти”.
Окуя укмуштуу болушу менен күлкү көп болору күмөнсүз!
Окуя логикалык жактан аяктаганга чейин же балдар жаңы окуяны баштоону каалаганга чейин оюнду уланткыла.
Балдардан эмнени ойлоп табууну көбүрөөк жактырарын сураңыз “Бактыга жараша...” же “Тилекке каршы...”, а балким, экөө тең? Оюнду өздөрү жактырган окуялардын так категорияларын ойлоп тапкандай кылып уюштурууга болот.
Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул чыгармачыл баян балдардын элестетүү жөндөмүн стимулдайт, критикалык ой жүгүртүүнү өрчүтөт, ошондой эле алардын сөз байлыгын кеңейтет. Бул оюнду каалаган жерде, каалагандай кылууга, кыска же узун кылууга болот — узак сапарлар же жаан-чачындуу күндөр үчүн идеалдуу вариант.