Баланы курсагына жаткырабыз
Сизге: жакшы маанай керек!
Оюндун маңызы эмнеде: бул көнүгүүнү бала төрөлгөндөн кийинки күндөрү эле жасаса болот.
Балаңыздын башын өзүңүзгө каратып көкүрөгүңүзгө жаткырыңыз. Азырынча ымыркай башын көкүрөгүңүзгө жөн гана кое алат, башы бир абалда көпкө жатпаш үчүн мезгил-мезгили менен башынын абалын өзгөртүңүз. Балаңыз башын көтөрүп калгандан баштап башын көтөрүү үчүн чыканактарын колдонуп көрүш үчүн аны жерге коюуга болот. Кичинекей балага ыңгайлуу болуш үчүн курсагы жана колу менен жумшак нерсеге таянуусун байкап туруңуз. Бала оюнчуктарды көргөндөй кылып айланасына коюп койсоңуз болот.
Башында балаңызга мындай абал анча жакпашы мүмкүн, бирок бул көнүгүүнү туруктуу жасоодо көнүгүүнүн узактыгы акырындык менен көбөйөт.
Курсагына жаткан убакыт биринчи кезекте төмөнкүлөрдүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт:
- Когнитивдик функциялардын, курчап турган дүйнө менен таанышуу.
- Сенсордук кабылдоонун.
- Тең салмакты жана кыймыл координациясын сактай билүүнүн.
- Көздүн жана колдун кыймылын координациялоонун.
- Көздүн булчуңдарынын, бала көрүүнү фокустоого үйрөнөт.
- Жалпак баш синдромун алдын алууга.
- Концентрациянын, ишенимдин жана көз карандысыздыктын.
Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул көнүгүү балаңызга курсактын, белдин, жамбаштын, буттун булчуңдарын өрчүтүүгө жардам берет, алар отурууга, турууга жана акыры басууга, салмагын буттары менен гана сактоого жана ошол эле учурда буюмдарга көзү менен байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.