Баланы жуундуруу убагы
Баланы жуундуруу убактысы: канча жолу?
Бөбөк дайыма таза болушу үчүн жумасына 2-3 жолу жуундуруу жетиштүү. Бирок эгерде сиздин балаңыз чындап ваннаны жакшы көрсө, сиз аны күнүнө бир жолу жуунтсаңыз болот. Мындан көп жуунсаңыз балаңыздын териси кургап кетиши мүмкүн.
Балаңыздын жыныс мүчөлөрүн киринтүүнүн ортолорунда жылуу суу менен кебезди колдонуп тазалай аласыз.
Баланы жуундуруу үчүн 5-10 мүнөт жетиштүү. Бул сиздин балаңыздын териси кургак же сезгич болсо өзгөчө маанилүү.
Баланы качан жуунтуу керек
Баланы күндүн кайсы гана болбосун убагында жуундурууга болот. Сиз бош болгон жана сизди эч нерсе алаксытпай турган убакты тандап алуу – эң жакшы. Бала ачка болгондо же тамактангандан кийин дароо жуундуруудан алыс болуңуз.
Эгерде сиздин балаңыз ваннаны жакшы көрсө жана бул аны эс алдыргандай сезилсе, сиз жуундурууну аны кечинде тынчтандыруу катары колдонсоңуз болот. Кээ бир балдар кечки ваннадан кийин узагыраак укташат.
Бөбөктү кайда жуундуруу керек
Учурда балаңыз балдардын пластик ваннасы үчүн өтө чоң болуп калышы мүмкүн. Бул чоң ваннага алмаштырууга убакыт жетти дегенди билдирет. Сиз кичинекей балдар ваннасын чоң ваннага жайгаштырып жуунтсаңыз болот.
Балаңыз чоң ваннага даяр болгондон кийин, аны менен бирге жуунсаңыз болот (мында кылдат болуңуз жана кимдир-бирөөдөн жардам берүүнү өтүнүңүз).
Ошондой эле балаңыз менен душка да түшсөңүз болот. Балаңызды куюлуп жаткан суудан алыс кармаңыз жана суунун өтө ысык эместигин текшериңиз.
Чоң ваннада оюндарга жана оюнчуктарга көбүрөөк орун бар. Бирок балаңызга ваннада көп оюнчуктун кереги жок жана оюнчуктар өтө жөнөкөй болушу мүмкүн.
Балдар ваннасын коопсуз орнотуу: кеңештер
Чөгүп кетүү жана күйүп калуу - жуундуруу убагында эки негизги коркунуч. Бул жөнөкөй кеңештердин жардамы менен сиз бул тобокелчиликтерден алыс болуп, жуундурууну балаңыз үчүн көңүлдүү жана коопсуз кыла аласыз:
- Балаңызды жуунтуп жатканда телефонуңузду өчүрүңүз. Алаксыбай калышыңыз мүмкүн.
- Колуңузда керектүү нерселердин бардыгы бар экенине ынангыла - мисалы, сүлгү, жуугуч, ваннадагы оюнчуктар, лосьон же шампунь, таза кийим жана таза жалаяк. Ушундай жол менен сиз дайыма балаңызды колуңузда кармап жана байкоо жүргүзө аласыз.
- Ваннанын бардык лосьондорун, шампундарын жана электр шаймандарын баланын колу жетпегендей кылыңыз.
- Балаңызды салардан мурун суунун температурасы 37-38°С айланасында экенин текшериңиз.
- Балаңызды ваннадан алып чыкканыңызда керебет сыяктуу коопсуз жерге койуңуз.
- Ваннаны бүтүрөр замат суусун төгүп салыңыз. Ваннанын тыгындарын алар колдонулбай калганда алып салыңыз.
Балдар бир нече секунданын ичинде өтө тайыз сууга чөгүп кетиши мүмкүн. Эч качан балаңызды ваннада жалгыз калтырбаңыз, ваннага отургучту колдонсоңуз да. Эч качан чоңураак балдарды же бир туугандарын бөбөктү көзөмөлдөө үчүн калтырбаңыз. Телефон же башка жумуш сизди алаксытып жатса, балаңызды ваннадан чыгарыңыз.
Баланы жуунтуу убактысы: кадам сайын
Балаңыз азыр чоңоюп калганына карабай, самынды, шампундарды жана көбүктөнгөн ванналарды азыраак колдонуу жакшы идея - алар терини дүүлүктүрүп, бүдүрлөрдү пайда кылышы мүмкүн.
Балаңыз, балким жүткүнүүгө же ваннанын ичинде тике турууга аракет кылат. Эгер анын бул аракетин токтото албасаңыз, жок дегенде ал тайып кетпеши үчүн аны кармап турганыңызга ынаныңыз. Балким ваннаңызда тайгак эмес килемче колдонууну каалашыңыз мүмкүн.