Баланын алгачкы 6 айындагы физикалык жактан өнүгүүсү

Бала баарынан дагы өмүрүнүн алгачкы айларында тез өсөт, андан кийин өсүшү акырындап басаңдайт.
Body

Төрөлгөндөн кийин алгачкы үч айда бала аябай тез өсөт, андан кийин интенсивдүү өсүү уланат, бирок бир аз басаңдайт.

Бул мезгилде баланын өсүү темпине тамактануу, белгилүү бир генетикалык факторлор жана анын айланасындагы жакындары тарабынан болгон талаптагыдай колдоо орчундуу таасирин тийгизет.

Балдардын оорулары баланын өсүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн, бирок сиздин колдооңуз менен алар убактылуу гана таасирин тийгизет.

• Балаңыздын өсүшү өсүү параметрлерин өлчөө жолу менен аныкталат: дене салмагы, денесинин узундугу (бойдун узундугу 2 жашка чейин баланын жаткан абалында өлчөнөт) жана башынын айланасы өлчөнөт, андан кийин Улуттук өсүү стандарттары менен салыштырылат. Стандарттар эркек балдар үчүн өзүнчө жана кыздар үчүн өзүнчө өсүүнүн диаграммасы (бой жана дене салмагынын ийри сызыгы) түрүндө иштелип чыккан.

• Кадимки ар бир медициналык текшерүүдө өсүү параметрлери өлчөнөт, ал эми алынган маанилер өсүү диаграммасына (ийри сызыкка) киргизилет. Мындай жол менен балаңыз өзүнүн курагына ылайык өсүп жатабы же жокпу бааланат.

Төрөлгөндө:

• Төрөлгөндө дене салмагынын жана денесинин узундугунун орточо мааниси эркек балдарда (3600 г жана 51,5 см жакын) кыздарга салыштырмалуу бир аз жогору (3500 г жана 50,5 см жакын). Төрөлгөндө баштын орточо айланасы 35 см жакын болот.

Биринчи ай:

• Балаңыз төрөлгөндөн кийинки алгачкы күндөрү дене салмагын 10%га чейин жоготсо, таң калбаңыз. Ымыркайлардагы салмактын азайышы – табигый физиологиялык процесс. Талаптагыдай кам көрүү жана айрыкча эне сүтү менен тамактандырууда, адатта бир же эки жумадан кийин  бала мурдагы салмагына жетет.

• Жакынкы күндөрдө бала күнүнө орто эсеп менен 20г баштап 30г чейин салмак кошо башташы күтүлөт.

• Биринчи ай - бул бала сырткы чөйрөдөгү жашоо шарттарга көнө баштаган жана өсүүдө айырмачылыктар байкалган ай. Бардык ымыркайлардын өзүнүн өнүгүү темпи бар. Айрымдары  400 грамм гана салмак кошушу мүмкүн, эгерде бала чоң төрөлгөн болсо, эне сүтүн көп эмсе жана жакшы уктаса кээ бири 1000 граммга чейин кошуусу ыктымал. Бала биринчи айдын ичинде орто эсеп менен 4,5 - 5 смге чейин өсөт.

• Баштын айланасын көзөмөлдөө маанилүү, анткени баланын мээси өсүп жатат жана курчап турган чөйрөдөгү чоң көлөмдөгү маалыматка толо баштайт. Ушул айдын ичинде баштын айланасы болжол менен 3-5 смге чоңоюшу мүмкүн.

Биринчи үч ай:

• Сиздин ымыркайыңыз өмүрүнүн алгачкы жумаларындагыдай эле темпте өсүүсүн улантат.  Ушул айлардын ичинде ал айына 700 граммдан 900 граммга чейин салмак кошууга, бою 2,5 см баштап 4 см чейин өсүүгө жана башынын айланасы 1,2 см чоңоюуга тийиш. 3 айлык куракта баштын айланасы орточ эсеп менен 40,5 см түзүшү керек. Берилген сандар орточо гана маани болуп саналат, ошондуктан нормалдуу өсүүдөн орточо четтөөлөр болушу мүмкүн жана балаңыздын өнүгүүсү жалпы көрүнүштүн негизинде бааланат.

6 ай:

  • Төртүнчү айдан баштап жетинчи айга чейин бала айына 450 гр баштап 550 гр чейин салмак кошуусун улантат. Бул убакыттын ичинде ал болжол менен 6 см өсөт, ал эми баштын айланасы болжол менен 2,5 см чоңоёт.
  • 4 айдан 6 айга чейинки мезгилде, көпчүлүк балдардын салмагы төрөлгөндөгү дене салмагына салыштырмалуу эки эсе көбөйөт.

Ар бир баланын өсүшү уникалдуу, эгерде балада туура тамактануу болсо жана кам көрүлсө, ал эреже катары курагына жараша өсөт. Үзгүлтүксүз өлчөп туруу жана өсүү графиктерин пайдалануу бизге баланын физикалык жактан өнүгүүсүн көзөмөлдөөгө жардам берет.