Баланын өсүү диаграммалары
Баланын боюнун өсүшү жөнүндө
Балдардын боюнун өсүшү алардын жалпы саламаттыгынын жана тамактануусунун белгиси болуп саналат.
Бардык ымыркайлар жана балдар ар кандай темптерде өсүшөт жана "нормага" жеткенге чейин чоң диапазон бар. Балаңыздын өсүшү уникалдуу жана адатта курактын стандарттарына дал келет.
Үйдө балаңыз менен болгондо ал чоңойуп жатабы же жокпу байкай аласыз. Анын ымыркай кезиндеги аябай эле чоң сезилген кийимдери, киринткен ваннасы же башка буюмдары үчүн ал өтө чоң болуп калгандыгын байкайсыз.
Өсүү графиктери деген эмне?
Балаңыздын өмүрүнүн биринчи жылдарындагы өсүү жана өнүгүүсүнө байкоо жүргүзүү үчүн медициналык кызматкерлер жана ата-энелер тарабынан өсүү диаграммалары колдонулат.
Балаңыздын өсүшү Улуттук өсүү стандарттарынын негизинде эсептелет, ал балдардын төрөлгөндөн баштап беш жашка чейинки физикалык жактан өсүшүн көзөмөлдөөгө эң жакшы жардам берет. Z-линиясы же стандарттан четтөө линиясы - бул балдардын өсүшүн өлчөө бирдиктери, ал балаңыздын өсүү көрсөткүчтөрү орточо маанилерге салыштырмалуу кандай деңгээлде тургандыгын көрсөтөт.
Өсүү диаграммалары - бул сиздин балаңыздын белгилүү курактагы узундугу же боюнун, салмагынын жана башынын айланасынын өзгөрүүлөрүн көрсөтүүчү графиктер. Үй-бүлөлүк дарыгериңиз же үй-бүлөлүк медайымыңыз балаңыздын параметрлерин үзгүлтүксүз өлчөп турат жана өлчөөнүн жыйынтыктарын графикке жазат. Балаңыздыг өсүү графиги дайыма жаныңызда болуп турушу үчүн бул өлчөөлөрдү уюлдук телефон үчүн тиркемеге киргизип койгон жакшы.
Эркек балдар жана кыздар үчүн, кенже курактагы жана чоң балдар үчүн ар кандай өсүү графиктери бар.
Баланын өсүү диаграммаларын түшүнүү
Өсүү графиктеринде ар кандай курактагы балдардын өсүшүнүн типтүү моделдеринин диапазонун көрсөткөн көптөгөн сызыктар (ийри) бар.
Көпчүлүк балдардын бою, салмагы диаграммалардагы жогорку жана төмөнкү сызыктарынын ортосунда жайгашат. Бардык балдардын жарымы типтүү диапазондун ортосунан жогорку ылдамдыкта, ал эми жарымы ушул диапазондон төмөн ылдамдыкта өсөт. Чектик маанилер эркин аныкталат жана курак үчүн орточо мааниден жогору жана төмөн болгон эки стандарттан четтөө (СЧ) бар.
Кээде балдардын жеке өсүү сызыктары графиктеги ийри сызыктар менен кесилишет. Мындай учурда үй-бүлөлүк дарыгериңер балаңыздын өсүшүнө кийинки бир канча келүүлөрдүн ичинде дыкат көзөмөл жүргүзөт. Балаңыздын өсүшү өз алдынча нормага кайтып келиши мүмкүн же дарыгериңер жардам берүү үчүн сиз эмне кыла ала турганыңызга кеңеш бере алат. Тенденциядагы кайсы гана болбосун тез өзгөрүүлөрдү (баланын өсүү сызыгы нормалдуу траекториядан жогору же төмөн карай четтейт) алардын себептерин аныктап жана орун алган көйгөйлөрдү жоюу үчүн ошол замат изилдөө керек.
• Эгерде дененин узундугу / бою үчүн баланын дене салмагынын мааниси курагына же дене салмагына карата -2 СЧдан төмөн болсо, анда бала орточо даражада тамактануусу бузулган же салмагы аз деп эсептелет, ал эми ал -3 СЧдан төмөн болсо, анда баланын тамактануусу оор даражада бузулган деп эсептелет.
• Эгерде баланын дене салмагынын мааниси курагына же дене салмагынын мааниси дененин узундугуна / боюна карата +2 СЧ жана +3 СЧ ортосунда турса, бала ашыкча салмак кошкон деп эсептелет, ал эми эгерде ал + 3 СЧдан жогору болсо семирип кеткен болот.
• Эгерде баланын денесинин узундугунун / боюнун курагына карата мааниси - 2 СЧдан төмөн болсо, анда баланын боюнун өсүшү артта калган деп эсептелет. Бойдун өсүшүнүн кечигиши өнөкөт жетишсиз тамактануу, адатта туура эмес тамактануу, тамактандыруу, аш болумдуу микроэлементтердин жетишсиздиги, бир канча айлардын же жылдардын ичинде тез-тезден кайталанган оорулардын натыйжасында болот.
Баланын өсүшү кандайча өлчөнөт
Балаңыздын бою 2 жашка чейинки курагында жаткырган абалда өлчөнөт. Эки жаштан жогорку курактагы балдардын боюн тике тургузган абалда өлчөйт.
Эки жашка чейинки балдардын салмагы ымыркайлар үчүн атайын таразаларда кийимсиз жаткырып өлчөнөт. Эки жылдан кийин салмагы кадимки таразада «жеңил» кийимчен өлчөнөт.
Баштын айланасы адатта баланын башына рулетка же сантиметрлик тасма коюу жолу менен өлчөнөт. Баланын башы биринчи жылы тездик менен чоңоёт, бул алардын дени сак өсүп жаткандыгын билдирет.