Балаңызды чиркейлерден коргоңуз
Эң негизгиси - баланы чиркейдин чагуусунан коргоо
Балдарыңыз сыртта жүргөндө ачык түстөгү кийимдерди: узун шым, бутуна байпак, узун жеңдүү футболкаларды кийгизиңиз.
Терезелерге жана эшиктерге, балдар керебетине жана арабага чиркейден коргоочу торлорду тагыңыз.
Базарда чиркейдин чагуусунан коргой турган түрдүү препараттар (репелленттер) бар. Тандап жатканда, ар дайым өнүмдүн өзүндө көрсөтүлгөн куракка (бардык эле өнүмдөр 2 жашка чейинки балдарга арналган эмес), жарактуулук мөөнөтүнө, колдонуу боюнча нускамаларга (дененин бардык бөлүктөрүнө карата колдонулбайт, өнүмдү бузулган жана дүүлүккөн териге колдонуудан качыңыз) караңыз.
Репелленттер спрей, шар, гель, нымдуу салфетка түрүндө жана ар кандай өлчөмдө болот; алар саякаттоо үчүн ыңгайлуу жана ар дайым колдо болгону жакшы. Сыналган жана катталган препараттарды сатып алуу эң жакшы.
Сиз ошондой эле чиркейлерге каршы каражаттарды колдоно аласыз. Кээ бирлери розеткага туташтырылган, башкалары портативдүү (батарея менен иштейт) жана аларды балдар арабасына, кийимге, сумкага тагууга болот.
Чиркейлер эң активдүү болгон мезгилде, кечинде дарыялардын, көлдөрдүн жээгинде, чөп коюу чыккан жана токойлуу жерлерде сунушталган коргоочу каражаттарсыз жүрүүдөн сактаныңыз.
Чиркей чаккандан кийин бир нече мүнөт муздак компресс коюп (муздак сууга малынган бет аарчы, даки же сүлгү же муздатылган суу куюлган бөтөлкө), андан кийин тынчтандыруучу касиетке ээ болгон жана кычышууну кетирүүчү препаратты колдонуу керек.