Балдар чоңдор менен сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт
Сизге керектүү материалдар: Эч кандай.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Балдар чоңдор менен сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт. Мүмкүнчүлүгүңүз болгондо, балаңыз чыгарган үндү кайталап (сөз болобу, үндөө болобу, белгисиз үн болобу) , андан кийин бала аны туурап, кайталайбы деп күтүп, ортоңордо сүйлөшүүнү баштоого биринчи кадам жасайсыз. Андан кийин дагы бир нече үндөрдү же сөздөрдү кошуп, жылмайып же оозеки үндөө менен аны катышууга чакырсаңыз болот - мисалы, "Муууу", "Уй муу дейт", "Кана, мууууу дечи!" Баланын катышуусун ар дайым колдоп, мактап, андан кийин мүмкүн болушунча башка сөздөрдү изилдеңиз - шамалдын, жамгырдын, дарыянын, ваннадагы суунун, атасынын тапочкасынын, бала бакчанын эшигинин үндөрүн туураңыз...
Бул иш-аракетти ар кандай турмуштук кырдаалда колдонсоңуз болот - бош убакыт учурунда бекер оюн катары, ошондой эле күнүмдүк тиричилик маалында - кийинип, тамак даярдап, жуунуп, соода кылып, сейилдеп жаткан учурда, унаада баратканда, күтүп жатканда. Ошондой эле, баарлашууну күнүмдүк китеп окуунун маанилүү бөлүгүнө айландырыңыз: - Оооо, кыз эмне кылып жүрөт? Эмне көрүп жатасың? Мен итти көрүп жатам; Кызык, ал эмне деп жатат? "
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Сиз менен баарлашууда балаңыз сөздөрдү айкалыштырып колдонууну үйрөнөт жана сиз менен бирге сөздөрдү изилдеп жатып, сөз байлыгын байытат.