Балдар үчүн ырлар

Сизге: Көңүлдүү маанай керек.

Оюндун маңызы эмнеде: Балаңыз менен баарлашуунун эң жакшы жолдорунун бири – ар кандай сөз түрүндөгү иш-аракеттер жана оюндар, анткени алар ага баарлашууга үйрөнүүгө жана ортоңуздагы байланышты бекемдөөгө жардам берет.

Алгач, баланы жумшак, тегиз жерге жаткырыңыз, бул бешиги, төшөгү же жердеги жумшак орун болушу мүмкүн. Балаңызга каалаган ырды окуп бериңиз (мисалы, ал жаңы эле ойгонсо):

Биз ойгондук,

Биз ойгондук.

Жыргадык да, керилип-чоюлдук.

Апам менен атама жылмайдык.

Бул ойгонгон ким экен?

Ким ушундай керилген?

Керилебиз, чоюлабыз,

Тамандан төбөбүзгө чейин! (баланын тулку боюн жумшак сылайбыз)

Керилебиз, чоюлабыз, (баланын колдорун өйдөгө этияттап тартабыз)

Кичинекей бойдон калбайбыз!

Мына ушундай, дал ушундай бой тартабыз!

Мына ушундай бут шилтеп, басабыз! (баланын бутун бастыргандай кылып этият кыймылдатабыз).

Ал эми баланы уктатып жатканда, алаканын акырын кармап, мындай дейсиз:

Көзүн жуумп, бетин жаап

Чаалыкканда бала уктайт.

Кирпиктери, алаканы,

Курсагы да, буттары,

Кулак, мурун, чачы да,

Колу менен мурду да –

Баары уктайт бышылдап.

Балаңызга өзүңүз билген ырларыңызды айтыңыз. Бул көнүгүүлөрдү күнүнө жок дегенде бир жолу кайталаңыз.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: Ымыркайга ыр окуп турсаӊыз, аны менен болгон байланышыӊыз бекемдеп, анын угуу, сүйлөө жана коомдук өз ара аракеттенүү жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам бересиз.