Балдардагы көп тилдүүлүк жана эки тилдүүлүк: артыкчылыктары жана көйгөйлөрү
Эки же андан көп тилди билген балдарды тарбиялоонун артыкчылыктары
Эки же андан көп тилди билген балдарды тарбиялоо алар үчүн гана эмес, үй-бүлөңүз жана айланаңыз үчүн да пайдалуу.
Балдар: көп тилдүүлүктүн жана эки тилдүүлүктүн артыкчылыктары
Балдар жөнүндө сөз болгондо, бир нече тилди билүүнүн көптөгөн жакшы жактары бар:
- окуудагы жакшы натыйжалар — көп тилдүү же эки тилдүү балдар көңүлүн жакшы топтошот, тапшырмаларды жакшы аткарышат, тил конструкцияларын жакшыраак түшүнүшөт жана бир нече тапшырманы бир учурда жакшы аткарышат;
- келечекте карьера үчүн ар түрдүү жана кызыктуу мүмкүнчүлүктөр.
Мындан тышкары, эгерде балдар бир нече тилде сүйлөп чоңойсо, анда алардын өзүн-өзү сыйлоо сезими жогору болот, иденттүүлүгүн жана таандыгын жакшы сезишет, анткени:
- алар өз мурастары менен сыймыктанышат;
- алар алыскы туугандары жана башка тилдерде сүйлөгөн адамдар менен баарлашууда жана мамиле түзүүдө ишенимдүү сезишет;
- алар ар кандай тилдеги музыкадан, кинолордон, адабияттардан ырахат алышат.
Үй-бүлөлөр: көп тилдүүлүктүн жана эки тилдүүлүктүн артыкчылыктары
Эгер үй-бүлөңүз жөнүндө айта турган болсок, анда балдар менен эне тилинде баарлашуу:
- үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилени жакшыртат;
- эмоционалдык байланыштарды бекемдейт;
- сиз жана балдарыңыз үчүн жергиликтүү маданиятты өздөштүрүүнү жеңилдетет;
- үй-бүлөңүздө маданий иденттүүлүк жана таандык болуу сезимин бекемдейт.
Айлана-чөйрө: көп тилдүүлүктүн жана эки тилдүүлүктүн артыкчылыктары
Балдар бир нече тилде сүйлөгөн кеңири чөйрө жөнүндө сөз болгондо:
- айланадагы ар бир адам ар кандай тилдерди жана маданияттарды көбүрөөк баалай баштайт;
- балдарга чоңойгондо ар кайсы маданияттарда жана өлкөлөрдө саякаттоо жана иштөө оңой болот;
- балдар ар кандай маданияттарды түшүнүшөт жана баалашат.
Көп тилдүү жана эки тилдүү балдарды тарбиялоодогу көйгөйлөр
Бирок, көп тилдүү же эки тилдүү балдарды тарбиялоо кээ бир көйгөйлөргө байланыштуу болушу мүмкүн, мисалы, көпчүлүктүн тилинде гана сүйлөө керек болгондо кысым менен күрөшүүгө туура келет.
Балким, биздин кеңештер сиз үчүн пайдалуу болот:
- жашооңузду балдарыңызда экинчи жана башка тилдерди угууга жана колдонууга көптөгөн мүмкүнчүлүктөр болгондой кылып уюштуруңуз;
- балдарыңыздын мугалимдери менен сүйлөшүңүз жана аракетиңизде алардын колдоосуна ээ болуңуз;
- пикирлеш адамдарды табыңыз — көп тилдүү же эки тилдүү балдарды тарбиялаган досторуңуз жана үй-бүлөлөр менен баарлашыңыз, айланаңызда эки тилдүү мектепке чейинки топторду табыңыз.