Башкаларга кам көрүү
Сизге керектүү материалдар: Эки куурчак же жумшак оюнчук жаныбарлар; жууркан, куртка же чапан; бөтөлкө же чөйчөк.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Баштоодон мурун, бул оюнду уюштурганга, эч ким жолтоо кылбай турган, тынч жерди даярдаңыз.
Куурчакты колуңузга көтөрүп, кичинекей балаңызга бериңиз. Ага куурчакты назик кучактап, колдо көтөрүп жүрүүнүн туура жолун көрсөтүңүз. Куурчакты кучактап жатып "Карачы, ал чарчады" же "Мен сени жакшы көрөм" деп айтсаңыз болот. Кичинекей балаңызды өзүнүн куурчагы менен ушул нерсени жасоого үндөңүз.
Ошондой эле, куурчакка чыны же бөтөлкө менен тамак берсеңиз болот. Аны тамактандырымыш болуп бүткөндөн кийин, бөтөлкөнү балаңызга бериңиз, ал дагы сизди туурасын. Кичинекей балаңызга "Ал үшүп жатат" деп айтып, куурчакты жууркан менен ороп коюңуз. Балаңызга куурчагын жабуу үчүн жууркан бериңиз, ал аны уктаткан түр көрсөтүп, куурчакты силкилдетип ойносо болот.
Сиз ар кандай иш-аракеттерди кайталоо менен ар убак балаңызды сиз жасаган нерселерди туураганга чакырыңыз. Чеберчиликти бекемдөө үчүн иш-аракетти бир нече жолу кайталаңыз. Акырындык менен, наристеңиз куурчагына кам көрүүнүн жаңы жолдору жөнүндө ойлоно баштайт. Эгерде сиз бул иш аракетке жумшак оюнчук жаныбарларды колдонуп жатсаңыз, анда наристеңиз жаныбарларга жана үй жаныбарларына кам көрүүгө үйрөнөт.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Сиздин кичинекей балаңыз ушул кооз иш-аракет менен башкалардын эмоцияларына жооп берүү жөндөмүн, ошондой эле адамдарга боорукер болуу сезимдерин өрчүтөт. Сиздин балаңыз кыймылдар менен баарлашуу аркылуу өзүн келечектеги социалдык мамилелерге даярдайт.