Башкаларга кам көрүү

Сизге: эки куурчак же жумшак оюнчук; жууркан, куртка же пальто; бир бөтөлкө же стакан керек.

Оюндун маңызы эмнеде: оюнду баштаардан мурда керектүү нерселердин бардыгын сизди алаксытапаган тынч жерде даярдап алыңыз.

Колуңузга оюнчуктарды алып келип, алардын бирин балага бериңиз. Ага оюнчукту акырын кучактап, колдо көтөрүп жүрүүнү көрсөтүңүз. Балага: “Карачы, ал чарчады” деп айтууга же оюнчукту “Мен сени жакшы көрөм” деген сөздөр менен кучактаса болот. Балаңыз оюнчугу менен ушундай кылууга аракет кылсын.

Оюнчукту суу куюлган стакандан же бөтөлкөдөн тамактандырууга болот. Оюнчукка тамак берип бүткөндөн кийин бөтөлкөнү кичинекей балаңызга оюнчугу менен ушундай кылуу үчүн бериңиз. Балага: “Ал үшүп жатат” деп айтып, оюнчукту жуурканга ороп коюңуз. Балаңызга жууркан бериңиз, оюнчукту уктатыш үчүн кантип үстүн жабууну көрсөтүңүз.

Кичинекей балаңызды ошол эле нерсени жасоого үндөө менен ар кандай иш-аракеттерди жасоого болот. Бара-бара балаңыз оюнчукка кантип кам көрүүнүн жаңы жолдорун ойлоп табат. Бул көнүгүү менен кичинекей балаңыз жаныбарларга жана үй жаныбарларына сый мамиле жасоого үйрөнөт.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул оюн аркылуу кичинекей балаңыз башка адамдардын эмоцияларына реакция кылуу жөндөмүн өрчүтөт. Ошондой эле бул адамдарга боорукер болууга үйрөтөт жана келечектеги социалдык өз ара аракеттенүүгө даярдайт.