Башты көтөрөбүз

Сизге: жумшак жууркан керек. 

Оюндун маңызы эмнеде: сизге керектүү нерселердин бардыгын алдын ала даярдаңыз. Жуурканды тегиз, ыңгайлуу жерге коюңуз. Балаңызды ылдый каратып жаткырыңыз жана ага ыр ырдап же айтып бериңиз.

Бул учурда баланын далысын акырын ушалаңыз. Натыйжада ымыркай башын жана тулку боюн созгонго аракет кылат. Бул көнүгүү ага жөрмөлөөгө тезирээк үйрөнүүгө жардам берет жана анын кабылдоосун стимулдайт.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул көнүгүү балаңызга булчуң күчүн жана чыйралууну жогорулатууга жардам берет, ошондой эле анын сезимдерин стимулдайт жана башын көтөрүүгө түрткү берет.