БЦЖ вакцинасы
Балдарды кургак учуктан коргоо үчүн республикада эритме менен комплектте лиофилизацияланган (кургатылган) алсыздандырылган жандуу бактериялык вакцина - БЦЖ (Бацилла Кельметта-Герена) колдонулат
Body
Вакцина жөнүндө
- Вакцина консерванттарды, антибиотиктерди же адъюванттарды (иммундук жоопту күчөтүүчү заттар) камтыбайт. Вакциналардын эффективдүүлүгүн сактоо үчүн турукташтыруучу - натрий глутаматы колдонулат.
- Ымыркай БЦЖ вакцинасын үйгө чыгаардын алдында төрөт бөлүмүндө алат. Вакцина сол ийинге тери астына куюлат. Эгерде бала кандайдыр бир себептерден улам вакцинаны албаган болсо (төрөт үйүндө төрөлбөсө же башка себеп менен), ымыркай эки айлык болгонго чейин эмдеген жакшы. 2 айдан жогорку курактагы балдарга эмдөө, эгерде жыйынтыгы терс болсо Манту үлгүсү жасалгандан кийин жүргүзүлөт.
- Вакцина жасалган жерде 4-6 жумадан кийин кызаруу жана катуулануу түрүндөгү жергиликтүү реакция өнүгөт, ыйлаакча пайда болуп, анын үстү карттанып айыгып кетет. 2 айдан 5 айга чейин карт кургап жана өзүнөн өзү түшүп калат жана ушул жерде бир канча миллиметр болгон тырык пайда болот. Ушул процесстин учурунда балада вакцина жасалган тилкенин жанында лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу байкалышы ыктымал.
- Учурдагы БЦЖ вакцинасы негизинен кургак учуктун диссеминацияланган формаларына жана ымыркайлардын кургак учук менингитине каршы эффективдүү.
- Дене салмагы 2000 г аз болгон, олуттуу оорулары бар же төрөттөн кийинки татаалдашууларга дуушар болгон балдар эмдөөнү айыккандан кийин алышат.