Бир, эки, үч, ТУРАБЫЗ!
Сизге: бала үчүн ар кандай оюнчуктар же кызыктуу буюмдар, диван же башы бар керебет керек.
Оюндун маңызы эмнеде: алгач керектүү нерселердин бардыгын ойной турган жерге даярдаңыз. Сизди жана балаңызды эч нерсе алаксытпай тургандыгына ынаныңыз.
Баштардан мурда тандалган оюнчуктарды же буюмдарды диванга же керебеттин башына коюңуз. Кичинекей балаңызды диванга же керебетке отургузуп, анын көңүлүн ал байкагандай кылып оюнчуктарга буруңуз — жөрмөлөп келип аларды алууга аракет кылсын. Ымыркай диванга же керебетке жакын келгенде бала өзүн коопсуз сезиши үчүн анын жамбашын кармап, тизелеп турууга жардам бериңиз. Ага турууга жардам берүү үчүн белин крамаңыз жана ордунан туруу үчүн буту менен түртүлсүн.
Балаңыз ордунан турууга аракет кылган сайын мактап, кубаттаңыз жана көнүгүүнүн аягында керебетте же диванда оюнчуктар менен ойносун. Көнүгүүнү күнүнө үч жолу кайталаңыз.
Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул жөнөкөй көнүгүү балаңызга колдоо менен турууга үйрөнүүгө, буттун булчуңдарын чыңдоого жана кыймыл-аракетти координациялоону жакшыртууга жардам берет.