Биргелешип ойноо кызыктуу

Сизге керектүү материалдар: Сиз балаңыз менен ойногон нерседен башка, атайын эч нерсенин кереги жок .

Бирге эмне кылсаңыз болот: Оюн - бул сиз балаңыз менен каалаган убакта жасай ала турган нерсе.  Бул колдонмодогу иш-аракеттерде эмне кылуу керектиги жөнүндө көптөгөн сонун идеялар бар.  Оюнуңуз кандай болбосун, балаңызды ойноого дилгирленип, толкунданууга үндөө. Мисалы, балаңызды көтөрүп алып, толкундануу менен ойной турган нерсени балаңызга көрсөтүп жатып: “Мына!  Биз буларды азыр чогуу карайбыз!”, десеңиз болот. Же балаңыздын жүзүндө ойногонго ынтызар экени байкалса, “Ойгондуңбу? Уйкуң кандыбы? Ойноого даярсыңбы? Мен даярмын! Кел, ойнойбуз!", деңиз. Балаңызды аябай толкундандыруунун кажети жок, бирок ушул убакка чогуу жылуу, жагымдуу сезим жаратыңыз.  Албетте, оюн учурунда балаңыздын ыйлактап, чарчап баратканын байкасаңыз, аны  бүтүрүп, башка бир нерсе кылсаңыз болот.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Ушул жашта жана мындан ары, оюн балаңыз үйрөнө турган эң маанилүү ыкма болуп калат. Бирок, балаңыз ойноого ынтызар болсо,  үйрөнүү мыкты болот. Оюн убактысын жагымдуу кылуу менен, эрте билим алууга күн сайын негиз түзүү үчүн дагы бир нерсени жасайсыз.