Бөбөк ырларын ырдоо

Сизге керектүү материалдар: Эч нерсе

Бирге эмне кылсаңыз болот:

1 кадам

Балаңызга "Жөжөлөрүм" же "Мышыгым" сыяктуу бөбөк ырын ырдап бериңиз. Ырды балаңыз менен кол чаап, жылмайып кайталаңыз.

2-кадам

Эки бөлүктө (топто) ырдала турган көптөгөн кызыктуу бөбөк ырлары бар (мисалы "Кайыкты айда"; "Жымыңдаган кичинекей жылдыз"). Сүйлөй алаган балдарга рифмалар менен таанышкандан кийин өзүлөрүнүн саптарын берсе болот.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Бул иш-аракет кичинекей балдардын сүйлөө жана угуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жакшы. Жөнөкөй рифмалар балдарга фонемикалык аң-сезимин арттырып, кыйын үн топторун кайталоо аркылуу сөздөрдү айтууга жардам берет. Бул иш-чара балдарды жакшы угуучу болууга үндөйт, анткени рифмада көбүнчө баяндоо бар, демек, балдар окуяны толугу менен угуп турушу керек! Балаңызды рифманы өз убагында ырдай тургандын үйрөтүү социалдык көндүмдөрдү өркүндөтүү үчүн абдан пайдалуу, мисалы, сүйлөөдө жана угууда кезектешүү.