Бөлүнүү жана сооронуу
Сизге керектүү материалдар: Балаңызды сооротуучу нерселер.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Бул куракта көптөгөн наристелер ата-энелери же жакын камкорчулары аларды бир аз убакытка таштап кетиши керек болгондо катуу кыйналышат - бул бөлмөдөн бир нече мүнөткө чыгып кетүү, коңшусунукунда бир нече саатка калуу же ата-энеси жумуштан кайтканча бала бакчада болуу. Кыжаалат болуу кадимки көрүнүш. Чындыгында, бул балаңыздын сизге канчалык байлангандыгын көрсөтөт. Ал сизди билет жана сизден көз каранды. Сиздин милдетиңиз - балаңызды тынчтандыруу жана балаңыз сизден бөлөк калганда, ага жардам бере турган нерселер жеткиликтүү экенине ынануу.
Тымызын жашырынып кетип калгандын ордуна, балаңыз менен мээримдүү сүйлөшүп, жакын арада кайтып келээриңизге жана ага кам көрөрүңүзгө ынандырыңыз. Балаңыз сөздөрдү түшүнө бербеши мүмкүн, бирок сиздин тынч, мээримдүү үнүңүздү угат. Көпчүлүк балдарды сүйүктүү жуурканы, жумшак оюнчугу же башка буюмдар сооротот. Ошондой эле тааныш көнүмүштөр (бөтөлкө, тааныш жерде уктап калуу ж.б.) жардам берет. Башка кам көрүүчү же тарбиячы балаңыз капаланса, аны тынчтандыруу үчүн кеңештерди билерине ынаныңыз.
Бөлүнүүгө болгон мындай реакция убакыттын өтүшү менен күчөбөй, толугу менен жоголуп кетет деп ишенип коюңуз.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Булар балаңыздын эмоционалдык өнүгүүсүндөгү маанилүү кадамдар. Балаңызга сизден бөлүнүү боюнча акырындык менен тажрыйба берүү менен, ал сиздин ар дайым кайтып келишиңизди (эмоционалдык коопсуздук), ошондой эле башка адамдардан жана тажрыйбалардан (кыйынчылыктарды жеңүү стратегиялары) сооронууга болорун түшүнөт. Балаңыз сизден бөлөк калганда болгон капалануусу көп айларга созулушу мүмкүн, бирок убакыттын өтүшү менен анын сезимдери жана ой жүгүртүү жөндөмдөрү бул өткөөлдөрдү башкарууда чоң ийгиликтерге жетишет.