Бул эмне жана ал кандайча аталат?
Сизге керектүү материалдар: Ар кандай китептер, журналдар, каталогдор, белгилер, тамгалар жана сөздөр же башка белгилер камтылган жана кызыктуу баарлашууга үндөгөн нерселердин бардыгы.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Балаңыз бир нече айлык болгондон баштап, аны тамактандырганда, памперсин алмаштырганда, колуңузга көтөрүп турганда же төшөктө сиздин жаныңызда же болбосо коляскада жатканда, жай баракат ал менен сүйлөшүңүз. Ал бардык сөздөрдү түшүнбөсө дагы, жаңы төрөлгөн ымыркай сиздин үнүңүздү таанып, ал ага жагат. Ымыркайдын сиздин үнүңүзгө кандай реакция кылганын көргөндө, жылуу жылмайып аны эркелетип, жооп бериңиз. Ал жооп бербесе дагы, аракет кыла бериңиз! Ал жооп бере баштайт.
Наристелердин жөнөкөй китептерин окуңуз же биринчи күндөн баштап аңгемелерди айтып бериңиз. Ал окуяны түшүнбөсө дагы, бала сиздин ага жакын болгонуңуздан жана үнүңүздөн ырахат алат. Ал сиз көрсөткөн сүрөттөрдү көргөндү жакшы көрөт. Ымыркайлар үчүн жазылган китептерди же түстүү журналдарды окуп, ошол эле учурда сүрөттө эмне бар экендигин көрсөтүп, ымыркайга бул жөнүндө айтып бериңиз. Ымыркайга китептеги сүрөттөрдү сылап коюуга мүмкүнчүлүк бериңиз. Ал көрсөткөндөрдүн бардыгын жөнөкөй сөздөр менен атагыла.
Китептер маанилүү, бирок ымыркай менен жөн гана баардык нерсе жөнүндө сүйлөшүү дагы ошондой эле мааниге ээ. Аба ырайы жакшы болуп турганда, балаңыз менен үйүңүздүн сыртында болсо дагы жаратылышта сейилдеңиз. Ага көргөнүңүздүн бардыгы жөнүндө айтып бериңиз.
Эгер жаныңызда китеп болбосо, дененин бөлүктөрү, күн сайын колдонгон буюмдар жана бала тааныган адамдар сыяктуу нерселер жөнүндө сүйлөшсөңүз болот. Ошентип, ал ар бир нерсенин өз аты бар экендигин түшүнүп, бара-бара ал ысымдарды үйрөнө баштайт. Күнүмдүк иш-аракеттериңизде жана күнүмдүк тиричилигиңизде жасаган бардык нерселерди атаңыз. Бир нерсени атап жатып, буюмду же эмне кылып жатканыңызды көрсөтүңүз. - Апасы баласына шире жасап берет. "Бул шире" деп ширесин көрсөтүңүз. "Апасы баласынын жалаягын алмаштырат". "Бул жалаяк", деп жалаякты көрсөтүңүз. Ымыркай сиз ага эмне көрсөтүп жатканыңызды угуп, көрүп турушу керек. Мисалы, "Биз бүгүн брокколи жеп жатабыз, мммм, кандай даамдуу" деп табакты көрсөтүңүз. Булар "сабак" эмес, балаңызды дүйнөдөгү бардык сонун нерселер менен тааныштырган жагымдуу учурлар!
Бош убактыңыз болгондо, жогоруда келтирилген мисалдарды күнүмдүк иш-аракеттериңизде колдонсоңуз болот (кийим алмаштырууда, тамактанууга даярданууда ж.б.).
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Ымыркай сизди түшүнбөсө дагы, ал сүрөттөрдү, үндөрдү, жыттарды жана сиздин үнүңүздү ээрчийт. Бардык нерсенин аты бар экендигин түшүнөт жана бара-бара ал аталыштарды үйрөнө баштайт.