Булутту кароо

Сизге керектүү материалдар: Эч кандай

Бирге эмне кылсаңыз болот: Балаңыз / балдарыңыз чалкасынан жатып, ыңгайлуу абалда, жөн гана көздөрү менен асманды карап жатканга мүмкүнчүлүк бериңиз. Күнгө карабоо керектигин билерине ынаныңыз. Алар кандай булут формаларын көрө алышат? Булуттарды санап, аларды кандайча сүрөттөөнү ойлонуусун сураныңыз. Алар жумшак, мамыктай, тегерек, түз, оорбу? Алар кандайдыр бир нерсеге окшошпу, мисалы, жаныбарларга же мультфильм каармандарына? Алар кыймылдап, формасын өзгөртүп жатабы? Жеке иш-аракет катары, алар көргөндөрүн түстүү чиймелер менен тарта алышат. Же болбосо, булутту бир топ бала карап турса, балдар кезек-кезеги менен булуттун каармандары жөнүндө окуяны айтып бериши мүмкүн.

Күүгүмдө булут көрүү андан да сыйкырдуу болушу мүмкүн. Булуттар күн баткандагы  түстөрдү кандайча сиңирип жаткандыгын, анан түнкү асмандан жок болуп көрүнбөй калгандыгын байкаңыздар!

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Асманды тиктегенге убакыт бөлүү балдарга кээде түйшүктүү күн тартибинен, кыйын же тажатма сезимдерден тыныгуу берет. Алар токтоп, жөн гана "көз ирмемде болууну" үйрөнө алышат, бул өзүн-өзү билүү, эмоционалдык жөнгө салуу жана ырахат алуу үчүн пайдалуу көндүмдөр. Булуттарга  байкоо жүргүзүү идеялар, чиймелер жана окуялар үчүн чыгармачыл эргүүнүн жаңы булагы болушу мүмкүн. Жөн гана ыңгайлуу отуруп, алардын фантазиясынын өсүшүн көрүңүз.