Буттарда - Жөө басуу оюндары

Сизге керектүү материалдар: Оюнчуктар, чоңураак картон кутучалар, топ, же болбосо топтой кылып тоголоктоп койгон таза байпактар.

Бирге эмне кылсаңыз болот: Эгерде бала буга чейин өз алдынча туруп калган болсо, анда оюнчуктарды диванга же туруктуу үстөлгө коюңуз (кулап кетпегендей), ошондо бала алардын жанына туруп, оюнчуктары менен ойноо аркылуу бутуна турууга машыгат. Ошондой эле, кичинекей бала сойлоп кирип, чыга ала турган чоң коробка табыңыз. Дагы да кызыктуу болуш үчүн сүйүктүү оюнчугун коробкага салыңыз.  Жакын жерде болуп, балаңыз менен эмне кылып жаткандыгы жөнүндө сүйлөшүңүз: "Сен ичиндесиңби? Мына, эми кайра сыртка чыктың! "  Ошондой эле коробканы "вагондой" кылып, аны бөлмөнүн ичинде ары-бери түртүп алсаңыз болот.  Бул кыш мезгилинде наристеге  көңүл ачуу үчүн жакшы, анткени көчөгө чыгуу чектелүү учур.

Наристе менен топ ойноо басканга дем берүүчү дагы бир ыкма. Топту наристеге тоголотуп коюңуз. Наристеге топту сизге кайрып берүүгө жардам бериңиз. Жашына жараша, наристе топту ыргытып жибериши да мүмкүн, андыктан кичинекей суу жээгинде ойноочу топ же башка жумшак топ бул оюнга мыкты жарайт.

Бул иш-аракеттерди бош убактыңыз болгондо оюндарда колдоно аласыз. Сиздин бала кызыккан жана басууга түрткү болгон учурда белги берет; аны ээрчип, аны колдоо сиздин колуңузда.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: эгерде балаңыздын алдынан топту тоголотуп жиберсеңиз, бул иш-аракет аны басканга жана басканды машыгууга түрткү болот.