Буюмдарды коопсуз изилдөө
Сизге керектүү материалдар: Балаңыз ойногон жана изилдеген нерселер жана эки куту.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Бул сиздин балаңыздын жашоосундагы кызыктуу учур! Ал кызыгуу жана чеберчилик менен, ар кандай буюмдарды өз колу менен изилдейт. Ошентсе да, балаңыз оозуна кандайдыр бир нерселерди сала берет. Эч нерсе эмес, бул дүйнө таануунун дагы бир жолу. Бирок, тумчугуп калуу же жутуп алуу коркунучунан сак болуңуз!
Сиз жасай ала турган нерселер бар! Мисалы, наристе изилдегенди жактырган буюмдарды - айланасындагы оюнчуктарды жана башка буюмдарды чогултуп ага берип, бирок коркунучтуу жагдайды болтурбоо үчүн, балаңызды жакшылап көзөмөлдөңүз. Балким, андай майда нерселерди бир кутуга салып, аларды наристенин жанында көзөмөлдөп турган убакта гана алып чыгып бергенге, коопсуз жерге коюп койсоңуз болот. Башка буюмдар "изденүү кутучасында" болушу мүмкүн, балаңыз каалаганча ыргытып, изилдеп, оозунан түшүрбөй алектенсе болот. Балаңыздын буюмдарды изилдөө учурунда, аны карап же чогуу ойноп жатканда сөзсүз түрдө тилди колдонуңуз: «Карачы, эмне тапканыңды! Бул кашык. Ой, сен аны ургулап жатасыңбы! ”
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Ушул куракта балаңызга дүйнө таануунун эң маанилүү жолу - буюмдарды изилдөө. Бул эмнеге окшош? Бул нерсе дагы башка нерседей даамданабы? Менин оозумда кандай даамданат экен? Бул катуубу? Жумшакпы? Былжыракбы? Мен муну менен эмне кылсам болот? Чапкыласамбы? Силкилдетсемби? Балаңызга буюмдарды изилдөө коопсуздугун камсыз кылуу менен, сиз балаңыздын сезүү органдарынын өнүгүшүнө жана анын ой жүгүртүү жөндөмдөрүн бекемдөөгө көмөктөшөсүз. Балаңыз менен ал эмне кылып жаткандыгы жөнүндө сүйлөшүп жатканда сиздин маегиңиз кошумча мааниге ээ.