Буюмдарды өздөштүрөбүз

Сизге: картон, пластик же алюминий батыныс (поднос); балдардын алаканына баткандай топтор же оюнчуктар; малярдык скотч керек.

Оюндун маңызы эмнеде: биринчи кезекте балаңыз менен ойной турган жерди даярдаңыз. Бул көнүгүүнү аткаруу үчүн балаңыз отургучка отурушу керек.

Оюнчуктарды картонго же батыныска скотч менен байлап, андан кийин баланы отургузуп, анын алдына батынысты же картонду коюңуз. Оюнчуктарды карап чыгып, алардын бирин колу менен кармасын/ алсын. Ал сизден кийин кайталаш үчүн эмне кылуу керек экендигин көрсөтүңүз. Эгерде бала оюнчукту батыныстан өз алдынча чыгара албай жатса, жардам бериңиз (жана оюнчуктан скотчтун калдыктарын алып салууну унутпаңыз).

Кичинекей балаңызды кубаттап, оюнчукту алган сайын же аны чыгарып алууга аракет кылган сайын кубанууну унутпаңыз.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул көнүгүү менен бала колдун булчуңдарын чыңдап, кыймыл-аракеттин координациясын калыптандырат.