Буюмдарды ыргытабыз

Сизге: куту, чака же тазик; ар кандай көлөмдөгү буюмдар керек.  

Оюндун маңызы эмнеде: баштоодон мурда балаңыз менен ойной турган жерди даярдап алыңыз — ал ыңгайлуу жана коопсуз болушу керектигин унутпаңыз. Балаңызды отургучка же полго жумшак килемге же жуурканга отургузуңуз.

Алгач ага буюмдарды көрсөтүңүз, алардын бардыгын изилдеп чыксын, андан кийин балаңызга аларды кутуга же башка идишке ыргытып салса болорун көрсөтүңүз.

Эгер кайсы бир буюм кутудан чыгып кетсе, анда сиз таң калганыңызды көрсөтүп, кичинекей балага да кызыктуу экендигин көрсөтөсүз.

Балаңыз эмнени өздөштүрөт: бул көнүгүү менен сиз кичинекей балаңыздын көрүү-мотордук координациясын өнүктүрүүгө жана ар кандай буюмдарды колго алып, контейнерге ыргытканына жараша таанып-билүүгө жардам бересиз.