Чогуу көрүү жана ойноо
Сизге керектүү материалдар: Үйдүн ичинде же сыртында болгон кызыктуу, коопсуз ойноочу же башка буюмдар
Бирге эмне кылсаңыз болот: Ушул жашта сиздин балаңыз башка балдар менен болууга көбүрөөк кызыгып баштаса керек. Балаңыз татаал оюндарда башкалар менен ойноого даяр эмес болушу мүмкүн, бирок ал башка бала менен жанаша ойноп, ал баланын кылганын көрүп, жөн гана чогуу болгондон ырахат алат. Буга түрткү берүү үчүн, мүмкүн болсо, жакын жерден же бир сейил бактан болжол менен ушул курактагы баланы табуу керек. Мүмкүн болбосо, бир тууган эжеси же агасы шерик болуп ойносо алат.
Балаңызды башка бала менен жанына бир канча ойной турган буюмдар менен жайгаштырыңыз (экөө тең колдонгонго жетиштүү болсун). Ар бир балага бир нече нерселерди берип, мындай деп айтсаңыз болот: “Мына! Силер булар менен ойносоңор болот. Карачы, досуң кашыкты табакка ургулап жатат. Сен эмне кыла аласың?" Балдар, балким, өз алдынча көп нерселерди жасашы мүмкүн, бирок сиз алардын бири-бирине болгон кызыгуусун байкайсыз. Аларга каалагандай эркин ойноодон рахат алууга жардам бериңиз. Аларды коопсуздук үчүн көз салып туруңуз, балким, дагы бир нече кошумча материалдарды берсеңиз болот же ошол эле нерсени дагы башкача кантип колдонсо болорун көрсөтүңүз.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Бул "параллель оюн" деп аталат - кичинекей балдар бири-бирине жакын ойноп баштаганда, бирок, негизинен, ар бир бала өзүнчө же өз иши менен алектенет. Алар башкаларды көрүп, кээде досунун жасап жаткан иштерин көчүрүп үйрөнүп жатышат. Бул кийинки жылдарда абдан маанилүү боло турган кызматташып ойноонун жана достуктун башталышы.