COVID-19 менен катуу ооруп жатканда эмчек эмизүү

Эне сүтү ымыркайлардын иммунитетин чыңдап жана көптөгөн инфекциялардан коргой турган антителолорду берет. Эне сүтүндөгү антителолор жана биоактивдүү факторлор эгер бала оорунун таасирине дуушар болуп калса COVID-19 инфекциясына каршы күрөшө алат. Мындан тышкары, COVID-19 эмчек сүтүнөн табылгандыгы жана эмчек эмизүү аркылуу жуккандыгы далилденген эмес.
Body

Эне сүтү ымыркайлардын иммунитетин чыңдап жана көптөгөн инфекциялардан коргой турган антителолорду камтыйт. Эне сүтүндөгү антителолор жана биоактивдүү факторлор, эгер бала оорунун таасирине дуушар болуп калса COVID-19 инфекциясына каршы күрөшө алат. Мындан тышкары, COVID-19 эмчек сүтүнөн табылгандыгы жана эмчек эмизүү аркылуу жуккандыгы далилденген эмес.

Эгерде энеси COVID-19 менен катуу ооруп жатса же ымыркайына кам көрүүсүнө тоскоолдук кылып же анын эмчек эмизүүнү улантуусуна тоскоол болгон ден соолугунун башка көйгөйлөрү болсо,  энелер тийиштүү гигиеналык чараларды колдонуу менен сүтүн саап жана ымыркайга эне сүтүн коопсуз берүүгө тийиш.

  1. Эгерде ал эмчек сүтүн кол менен же электр сүт насосу менен сааса, анда ал эмчек саардын же насостун же бөтөлкөнүн кайсы бир бөлүктөрүн кармаганга чейин колдорду жууп, ар бир колдонгондон кийин насосту туура тазалоону камсыздоо керек.  
  1. Баланы саалган эне сүтү менен таза чыны жана/же кашык менен мүмкүн болсо оорунун белгилери же симптомдору жок адам бергени жакшы. 

Эгерде эне эмчек эмизүүдөн же эмчек эмизүү үчүн өтө начар болсо же донорлук эне сүтү жок болсо, эне сүтүн алмаштыруучу ылайыктуу каражатты колдонсо болот. Эгер ымыркай 6 айга толо элек болсо, бул балдар тамак-ашы үчүн балдар аралашмасы жана өтө жогорку жылуулук менен иштетилген (UHT) сүт болушу мүмкүн.