COVID-19 учурундагы эмчек эмизүүнүн артыкчылыктары
Эне сүтү менен багуу баламды коргойбу?
Эне сүтү менен багуу өмүрлөрдү сактап калат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эне сүтү менен багуу көрсөткүчтөрүн жогорулатуунун эсебинен биз жыл сайын бүткүл дүйнө жүзү боюнча 820 000ден ашуун баланын өмүрүн сактап кала алабыз. Эне сүтүндө балдардын иммунитетин чыңдап жана көптөгөн инфекциялардан коргой турган антителолор камтылган. Эне сүтүндөгү антителолор жана биологиялык активдүү заттар, эгерде бала COVID-19 инфекциясынын таасирине дуушар болсо ошол инфекция менен күрөшө алат. Андан тышкары COVID-19дун эне сүтү жана эне сүтү менен багуу аркылуу жугуу фактылары аныкталган жок.
Эне сүтү менен багуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДСУ) жана ЮНИСЕФ тарабынан сунушталат, ошондой эле ымыркайларды жана жаш балдарды тамактандыруу боюнча улуттук сунуштардын бир бөлүгү болуп саналат:
- Эне сүтү балаңыздын өмүрүнүн алгачкы 6 айында керек болгон бардык аш болумдуу заттарды камтыйт.
- Балаңыздын алгачкы 6 айында башка эч нерсе, ал гана эмес суу дагы бербеңиз.
- Эгерде балага дагы бир нерселерди (ар кандай тамак-аш, уйдун сүтү, шире, чай же ал гана эмес суу) берсе, ал эмчекти азыраак эмет жана сиздеги иштелип чыгып жаткан эне сүтүнүн көлөмү азаят. Бул балаңызда чоңоюп калган учурда аллергия, семирүү ж.б. өөрчүү тобокелчилигине алып келиши мүмкүн.
- Сиз балага дарыгериңер тарабынан сунушталган дары-дармектерди бере аласыз.