COVID-19га шектелген/тастыкталган учурда эмчек эмизүү
Эне сүтү балдардын иммунитетин чыңдап жана аларды көптөгөн инфекциялардан коргой турган антителолорду камтыйт. Эне сүтүндөгү антителолор жана биоактивдүү факторлор, эгер бала таасир этүүгө дуушар болсо COVID-19 инфекциясына каршы күрөшө алат. Мындан тышкары, COVID-19дун эне сүтү аркылуу жугуу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган жана эмчек эмизүү аркылуу жуккандыгы далилденген фактылар табылган эмес.
1.Эмчек эмизүү жана дене байланышы, ошондой эле өзгөчө эрте эмчек эмизүү балаңыздын толук баалуу өсүшүнө жардам берет. Баланы жаныңызга жаткырыңыз, бул эмчек эмизүүнү мүмкүн болушунча эрте баштоого мүмкүнчүлүк берет.
2. Тиешелүү гигиеналык сактык чараларын колдонуу менен сиз баланы коопсуз эмизе аласыз: эмизип жатканда респиратордук гигиенаны сактоо, эгерде жеткиликтүү болсо беткап тагынуу; балага байланышуунун алдында жана андан кийин колду жуу; ошондой эле сиздин колуңуз тийген буюмдарды дайыма тазалап, дезинфекциялап туруу.
3. Эгерде сиз өзүңүздү абдан начар сезип жатсаңыз жана эмчек эмизе албасаңыз, балаңызды эмчек сүтү менен коопсуз тамактандыруунун башка ыкмаларын колдонуп көрүңүз. Сүтүңүздү саап көрүңүз же эгерде сиз жашаган аймакта донордук эне сүтү жеткиликтүү болсо аны пайдаланууга аракет кылыңыз. Эмчек эмизүү боюнча консультанттан же медицина кызматкеринен сиз үчүн жеткиликтүү варианттар тууралуу сүйлөшүңүз. Эгерде сиз ооруп жатканда сүтүңүздүн запасын колдой албасаңыз, айыккандан кийин эмчек эмизүүнү кайра баштоого болот.
4. Эмчек эмизүү баланын иммундук системасын жогорулатат, ал эми эненин антителолору балага эмчек сүтү аркылуу өтөт жана балага инфекциялар менен күрөшүүгө жардам берет. Эгерде сиздин ымыркайыңыз же кичинекей балаңыз COVID-19 же башка оору менен ооруп калса, эмизүүнү уланта берүүгө тийишсиз.