D витамини: эмнени билүү керек

D витамини сөөктөрдүн өсүшүнө, туура өнүгүшүнө жана бекем бойдон калышына жардам берет. Балдар D витамининин көбүн күндүн нурунан, ошондой эле аз өлчөмдө кээ бир азыктардан алышат. Эгер балаңызда D витамининин жетишсиздиги бар деп тынчсызданып жатсаңыз, үй-бүлөлүк дарыгер менен сүйлөшүү сунушталат.
Body

Эмне үчүн балдарга жана чоңдорго D витамини керек

Балдарга сөөктөрдүн өсүшү жана өнүгүүсү үчүн D витамини керек. Ошондой эле энесинин курсагында өнүгүп жаткан ымыркайларда дагы ушундай. D витамини бизге кальцийди сиңирүүгө жардам берет.

D витамининин олуттуу жетишсиздиги итийге, кыймыл-аракеттин өнүгүүсүнүн кечеңдешине, булчуңдардын алсыздыгына, оорутуу жана сыныктарга алып келиши мүмкүн.

Чоң кишилерде D витамининин жетишсиздиги остеопороз, кээ бир рак ооруларынын түрлөрүнө, жүрөк ооруларына жана кант диабетине дагы байланыштуу.

Эгерде аялдар кош бойлуу кезде D витаминин жетиштүү өлчөмдө албаса, анда балдары неонаталдык гипокальциемияга (кандагы кальций жетишсиздиги) же кийинчерээк итийге чалдыгышы мүмкүн.

D витамини жана күн нуру

Балаңызга күндүн нуру керек. D витаминин биздин терибиз күн нурунун таасиринин астында иштеп чыгат. Ал D витамининин 80%ын ушундай жол менен алат.

Окумуштуулар D витамининин жакшы деңгээлин алуу үчүн балдарга канчалык күн нуру керек экенин так билишпейт. Бирок биз балаңызга керектүү күндүн өлчөмү сиздин жашаган жериңизге жана жылдын мезгилине жараша болорун билебиз.

Бул ошондой эле териңиздин түсүнө дагы бир аз көз каранды. Жаратылышынан териси өтө кара адамдарга D витаминин иштеп чыгуу үчүн териси ак адамдарга караганда 3-6 эсе көп күн нуру талап кылынат.

Төмөндөгү сүрөттө балаңыздын терисин тобокелчиликке дуушар кылбастан анын организмине Д витаминин иштеп чыгууга жардам берүү үчүн канчалык күндүн нуру жетиштүү болушу керектиги көрсөтүлгөн.

Кайсы жерде жашаганыңызга карабастан балаңыздын терисине канчалык күн нуру тийгенинен этият болууңуз керек. Күндүн жарыгынын өтө көп болушу күнгө күйүп калууга, теринин бузулушуна жана ал тургай теринин рагына алып келиши мүмкүн. Бул үчүн күндүн жарыгынан коргоону пайдалануу маанилүү.

Жай мезгилинде, айрыкча саат 10:00дөн 16:00гө чейин, балаңыздын күндөн коопсуз жерде жана күндүн нурунан корголуп жаткандыгын текшериңиз, күндөн коргоочу крем, баш кийим, күндөн коргоочу көз айнек, күндүн нурунан сактай турган кийими болушуна жана көлөкөлүү жерге жайгашуусуна кам көрүңүз.

Балаңызга күн нуру канча керектиги тууралуу жөнүндө кошумча маалымат жана кеңеш алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгериңиз менен сүйлөшүңүз.

D витамини жана тамак -аш

Көпчүлүк балдар D витамининин жетишерлик өлчөмүн тамак-аш менен ала алышпайт. Бирок D витамини көп болгон тамак-аштар балаңыздын күн нурунан алган D витаминине кошулушу мүмкүн.

Табигый түрдө D витаминин камтыган азыктарга жаңы майлуу балык (лосось, сельдь, скумбрия жана сардина), боор, кээ бир козу карындар жана жумуртканын сарысы кирет.

Кээ бир азыктарга D витамини кошулат. Бул кээ бир майсыз сүт азыктарын, эртең мененки тамактарды жана маргаринди камтыйт. Бардык балдар аралашмалары D витаминин камтыйт.

Сиздин балаңыз көчөдө дене тарбия көнүгүүлөрүн аткара турган болсо, ал күндүз сыртта жүргөндө алган пайданы ала алат. Күн сайын жасалган көнүгүүлөр балаңыздын организмине D витаминин иштеп чыгуусуна жардам берет.

D витамининин жетишсиздиги

Балдар D витамининин жетишсиздигинин тобокелчилигине дуушар болушу мүмкүн, эгерде алар:

  • бүт терисин жаап жүрсө
  • убактысынын көбүн үй ичинде өткөрүшөт жана көп же эч кандай күндүн нурун алышпайт
  • организмдин D витамининин деңгээлин кандай көзөмөлдөй тургандыгына таасир этүүчү абалдар бар - мисалы, боор оорулары, бөйрөк оорулары, тамакты сиңирүүдө көйгөйлөрдү жаратуучу абалдар (глютен оорусу же муковисцидоз) жана кээ бир дарылар D витамининин деңгээлине таасир этиши мүмкүн.
  • кара терилүү

D витамининин жетишсиздигинин белгилерине итий, кыймыл-аракеттин өнүгүүсүнүн кечеңдеши, булчуңдардын алсыздыгы, оору жана сыныктар кирет.

D витамининин жетишсиздигин дарылоо

Эгерде сиз балаңыздын D витамининин деңгээлине тынчсызданып жатсаңыз, же кош бойлуу болсоңуз жана сизде D витамини аз болушу мүмкүн деп ойлосоңуз, үй-бүлөлүк дарыгериңиз менен сүйлөшүңүз.

Сиздин үй-бүлөлүк дарыгериңиз канга анализ дайындашы мүмкүн, бул D витамининин деңгээлин текшерүүнүн эң жакшы жолу.

Жеңил абалдар үчүн, сиздин үй-бүлөлүк дарыгериңиз балаңызга D витаминин берүүнү жана күн тийген жерде көбүрөөк болуу керектигине кеңеш бериши мүмкүн.

Эгерде сизде же балаңызда D витамининин олуттуу жетишсиздиги бар болсо, анда сиздин үй-бүлөлүк дарыгериңиз сизге же балаңызга D витаминин ичүүнү, ошондой эле күн тийген жерде көбүрөөк болуу керектигине кеңеш бериши мүмкүн.

Эгерде сиз же балаңыз күнгө күйө албасаңар, анда үй-бүлөлүк дарыгериңиз D витамини менен кошулмаларды ичүүнү сунуштай алат.

Ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгериңиз менен D витамининин кошулмалары жөнүндө сүйлөшсөңүз болот.

Солярийлер эч качан D витамининин деңгээлин жогорулатуу же D витамининин жетишсиздигин дарылоо үчүн колдонулбашы керек. Солярийлер тери рагына алып келиши мүмкүн.

D витамини, кош бойлуулук жана эне сүтүн эмизүү

Баладагы D витаминин запастары жатын ичиндеги өнүгүү учурунда көбөйөт жана төрөлгөндөн кийин  бала күндүн жарыгынан жана тамак аркылуу D витамининин алганга чейин азаят.

Эмчектеги балдар эне сүтү аркылуу D витаминин көп ала алышпайт, анткени эмчек сүтүндө аз болот. Ал эми эмчек эмизген энеде D витамининин деңгээли аз болсо, анда ал баласына D витаминин жетиштүү өлчөмдө бере албайт.

D витамининин төмөнкү деңгээлиндеги тобокелчиликтин жок дегенде бир фактору бар, эмчек эмген балдарга, мисалы кара терилүү ымыркайга D витаминин 400 эл аралык бирдик өлчөмүндө же  10 микрограмм (мкг) D витамининин кошулмасын ичүү сунушталат. Эгерде сиз балаңызга D витамининин жетишсиздик тобокелчилигине дуушар болгон деп эсепетесеңиз, үй-бүлөлүк дарыгериңиз менен сүйлөшүүгө кеңеш берилет.

Балдардын сүт аралашмалары D витамининин кыйла жогорку деңгээлин камтыйт, андыктан сүт аралашмалары менен азыктанган балдарга адатта кошулмалардын кереги жок.