Достошуу

Бул оюн материалдарды талап кылбайт.

Оюндун маңызы эмнеде: балаңыз ар түрдүү ыйлашы мүмкүн жана ыйлаганы менен, адатта, сизге бир нерсе айтууга аракет кылат. Бул куракта кичинекей бала жаңы, бейтааныш адамдар келгенде капа боло баштаганын байкайсыз, мындай мурда болгон эмес. Бул күтүлгөн нерсе. Бала жаңы адамдар менен күтүлбөгөн жерден эмес, акырындык менен, мүмкүнчүлүккө жараша ага тааныш жагдайда таанышыш үчүн биринчи кезекте анын абалына жана маанайына көңүл буруңуз. Балаңызга тааныш эмес адам келгенде же ага кайрылганда дайыма жанында болуңуз, ал эми анын тынчсызданып же ыйлай баштаганын байкасаңыз —тынчтандырыңыз. Балаңыз сиз жанында экениңизди жана коопсуз экенин түшүнүш үчүн колуңузга алып, аны менен жай үн менен сүйлөшүңүз. Аны акырын терметүүгө, кучактоого же ыр ырдасаңыз болот. Бала таанышууга качан даяр болорун түшүнүү үчүн анын абалына жана маанайына жакшылап көңүл буруңуз. Муну анын айланасындагы нерселерди жана адамдарды кунт коюп караганынан түшүнүүгө болот. Акырындык менен аны жаңы адамдар менен тааныштырууга аракет кылыңыз, ал көрсөткөн кубанычтын же ыңгайсыздыктын белгилерине көңүл буруңуз.

Ар бир бала индивидуалдуу; балаңыз бейтааныш жаңы адамдарга абдан кызыкдар болушу мүмкүн же алардын ичинен достук мамиле кылган адамга да этияттык менен көнүшү мүмкүн. Балаңызга кандай ыңгайлуу болсо ошондой кылыңыз жана ал ушундай уникалдуу экенине кубаныңыз!

Мында бала эмнеге үйрөнөт: балаңыз жаңы жагдайларга жана адамдарга реакция кылууга үйрөнөт жана бул реакция жумадан жумага өзгөрүп турат. Эгерде кичинекей бала жаңы адамдарды дайыма көрүп турса, анда сиздин жардамыңыз менен ал бара-бара аларга көнүп, жаңы жагдайларда өзүн ыңгайлуу сезет.