Экрандын алдындагы убакыт жана үй-бүлөңүз: акылдуу мамиле
Үй-бүлөңүздөгү гаджеттер: пайдалуубу же зыянбы?
Үй-бүлөңүздө телефон/планшет/компьютер/сыналгы колдонууга акылдуу мамиле, бул:
- санариптик түзмөктөрдү үй-бүлөнүн ичиндеги мамилеңизге зыян кетирбегендей кылып колдонууга аракет кылуу;
- үй-бүлөнүн эң кичинекей мүчөлөрүнө санариптик түзмөктөрдү колдонууга жол бербөө;
- гаджеттерди жеке муктаждыктарыңызга жана кызыкчылыктарыңызга ылайык колдонуу.
Телефон/планшет/компьютер/сыналгыны колдонуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугуна жана алардын ортосундагы мамилелерге зыян келтирбегенине экрандардын алдында убакытты чогуу белгилеп, үйүңүздө гаджеттерди колдонуунун негизги эрежелерин жана принциптерин макулдашуу менен жетишсеңиз болот.
Беш кадамдан турган төмөндөгү колдонмо үй-бүлөңүз үчүн жакшы башталыш болушу мүмкүн.
1-кадам: гаджеттерди акылга сыярлык колдонуунун үлгүсү болуңуз
Гаджеттерди колдонгонуңуз жана ал жөнүндө сүйлөгөнүңүз балаңызда мындай түзмөктөр үй-бүлөнүн жашоосунда кандай орунду ээлеши керектиги жөнүндө ишенимдүү түшүнүктү пайда кылат. Мисалы, үйдө болгондо дайыма жаныңызда телефонуңуз болсо, анда балаңыз телефондор абдан маанилүү экенин эстеп калат.
Эгер сиз экрандардын алдында өткөргөн убактыңызды байкап турсаңыз, анда балдарда гаджеттер жөнүндө кандай түшүнүк калыптандырып жатканыңызды билүүгө жардам берет. Эгер телефонуңузда көзөмөлдөө функциясы бар болсо, аны колдонуу убактысын көзөмөлдөө үчүн колдонсоңуз болот. Улуу балдар менен да ошондой эле күндүз телефонду канча убакыт колдонгонуна көңүл бурууну сурансаңыз болот. Андан кийин сиз жана балаңыз аны салыштырып, бир нерсени өзгөрткүңүз келеби же жокпу, талкуулай аласыз.
Сиз колдонгон колдонмолор, сиз жазылган адамдар жана топтор же окуган кызыктуу нерселер жөнүндө улуу балаңыз менен сүйлөшүү да пайдалуу. Бул үйдө гаджеттерди колдонуу жөнүндө ачык сүйлөшө турган коопсуз жана ишенимдүү атмосфераны түзүүгө жардам берет.
2-кадам: балаңыздын прогресси жана технологияны колдонуучу катары потенциалы жөнүндө билиңиз
Эсиңизде болсун, 2 жашка чейинки балдар гаджеттерди жакындары менен байланышта болууга жардам берген видео чаттардан башка максатта колдонбошу керек. Мектепке чейинки курактагы балдардын учурунда гаджеттерди колдонууну чектеп, аларды социалдаштырууга жардам бере турган физикалык активдүүлүк жана оюндар менен алмаштыруу зарыл. Балаңыз гаджеттерди азыр кантип колдонуп жатканына жана келечекте аларды кантип колдоно турганына кызыгыңыз, бул анын бул тармактагы кызыкчылыктары, муктаждыктары жана кыйынчылыктары бар экенин түшүнүүгө жардам берет. Сиз балаңыздан гаджеттерди кантип колдонгону жана аларды эмне үчүн колдонгону жөнүндө айтып берүүнү сурансаңыз болот.
Балким, сиз бул түзмөктөрдү балаңыздай колдоно албайсыз. Сиз балаңыздан оюнду кантип ойноону үйрөтүүнү сурансаңыз болот, ошондо ал эмне үчүн ага ушунчалык жагарын түшүнөсүз.
3-кадам: сапаттуу контентти колдонуңуз
Өсүп келе жаткан балаңыз үчүн сапаттуу контент абдан маанилүү. Контент баланын кызыкчылыгына жооп берсе, андагы фантазияны ойготсо же мектепте өздөштүрүп жаткан нерсеси жөнүндө билимин арттырса, өзгөчө баалуу болот.
Улуу балаңызды сапаттуу колдонмолорду, оюндарды колдонууга, сыналгыдан, YouTubeдан сапаттуу программаларды, кинолорду жана видеолорду көрүүгө үндөңүз, ал үчүн балаңыз колдонгон ресурстардагы пайдалуу болушу мүмкүн болгон маалымат, идеялар жана иш-аракеттер жөнүндө айтып бериңиз. Ошондой эле, сиз балаңызга ишенимдүү санариптик ресурстарды жана контентти кантип табууну көрсөтсөңүз, туура тандоого жардам бере аласыз.
Балаңыз сиз колдоно турган же көрө турган сапаттуу контентти кантип тандап жатканыңызды көрүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз. Тандооңузду балаңыз менен талкуулоо да маанилүү.
Көптөгөн үй-бүлөлөрдүн үйүндө ар кандай түзмөктөр бар — телефондор, компьютерлер жана башкалар. Кичинекей балдар да көрүшү мүмкүн болгон нерселерге көз салыңыз. Мисалы, жаңылыктардагы же видео оюндардагы кээ бир сюжеттер жаш балдар эмнени көрүп жатканын түшүнбөсө да, алар үчүн катаал жана коркунучтуу болушу мүмкүн.
4-кадам: үй-бүлөдө гаджеттерди колдонуу эрежелерин иштеп чыгыңыз
Эрежелер үй-бүлө мүчөлөрүнүн экрандардын алдында өткөргөн убактысын башкарууга мүмкүндүк берет. Бул эрежелер ар бир үй-бүлө мүчөсүнө экрандын алдында канча убакыт өткөрө аларын түшүнүүгө жардам берет. Үй-бүлөңүздө гаджетти колдонуу эрежелерин иштеп чыгууга жардам бере турган бир нече суроолор:
- Жаш курагын жана өнүгүү деңгээлин эске алуу менен гаджеттерди колдонууга кимге уруксат берилет?
- Үйүңүздө гаджеттерди качан жана кайда колдонсо болот? Мисалы, конок бөлмөсүндө, бирок уктоочу бөлмөдө эмес.
- Айрым веб-сайттарга кирүүгө, оюндарды ойноого же колдонмолорду колдонууга тыюу салынганбы? Кайсылар жана эмне үчүн?
- Интернетте кандай маалымат менен бөлүшсө болот?
- Кайсы оюндарды ойноого болбойт жана кичинекей балдар уктамайынча кайсы кинолорду көрүүгө болбойт?
- Кимдир бирөө эрежелерди бузса эмне болот?
Сиздин гаджеттерге байланыштуу эрежелериңиз окуу күндөрүндө, дем алыш жана майрам күндөрүндө да сактоо үчүн универсалдуу болушу керек. Эрежелерде ошондой эле балаңыздын чоңойгон сайын өзгөрүп жаткан муктаждыктары жана кызыкчылыктары эске алынышы керек.
Эрежелерди бир нече ай сайын жана үйүңүздө жаңы гаджет пайда болгондо карап чыгуу сунушталат. Бул эрежелер үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн муктаждыктарын канааттандырып жатканына ынанууга жардам берет.
5-кадам:

5-кадам: гаджеттерди чогуу колдонгула
Кичинекей балдар убактысын экрандардын алдында өткөрбөшүнө аракет кылыңыз, бирок сиз башка иш-аракеттер менен алектенесиз деген шартта улуу балдар менен көрүү же ойноо кызыктуу болушу мүмкүн.
Экрандын алдында чогуу убакыт өткөрүү боюнча бир нече идея:
- Дем алыш күнү кайда баруу же кечки тамакка жаңы тамактын рецепти сыяктуу нерселерди балаңыз менен Интернеттен издеңиз.
- Улуу балаңыз менен учурда ойноп жаткан оюнду ойноңуз.
- Музыка колдонмосун жүктөп алып, андан кийин угуп жаткан музыкаңызды бөлүшүп, талкуулаңыз.
- Балаңыздан ага жаккан онлайн оюнду ойноону үйрөтүүсүн же ал колдонгон колдонмолор жана сүйүктүү веб-сайттар жөнүндө айтып берүүсүн сураныңыз.
- Технологияларды чогу колдонуп жаткан учурда активдүү болуңуз —мисалы, карталар менен колдонмону колдонуп походго баргыла.
Балаңыз менен анын кызыкчылыктарын бөлүшүү менен өткөргөн убакыт — бул ишенимди, ортоңордогу байланышты жана баарлашууну жакшыртуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Мындай мамиле Интернетте гана эмес, чыныгы жашоодо да туура болот — балаңыздын курчап турган дүйнөнүн бардык тармактарына жайыла турган дилгирлигинен ырахат алуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издеңиз.
чогуу колдонгула