Элестетилген тамакты жасайбыз

Оюндун темасы (тамак жасоо) мисал катары гана берилди. Материалдар темага жана мазмунга жараша ар кандай болушу мүмкүн.

Эмне керек: бул оюнга сынбай турган табактар, чөйчөктөр жана кашыктар керек болушу мүмкүн; бала элестетилген меш жана муздаткыч катары колдоно турган жерлер жана буюмдар (бул картон кутулар же стол болушу мүмкүн); балаңыз мискей же башка идиш катары колдоно турган буюмдар (коопсуз жана кичинекей, буюм балаңыз элестетип колдонгон нерсеге окшош болушу шарт эмес).

Оюндун маңызы эмнеде: бул куракта балаңыз көп учурда бир нерсени “элестетип” ойношу мүмкүн. Бул оюн балага оюндун сюжетин өнүктүрүүгө жана башкаларды тартууга кантип жардам бере аларыңыздын мисалы. Оюнга керектүү нерселердин бардыгын алдын-ала даярдап, жайгаштырыңыз жана (эгерде ушул мисалдын сценарийин колдонсоңуз) айтыңыз: “Балким, тамак жасап жаткандай ойнойбуз? Каалайсыңбы? Муну кантип жасайсың?”. Тамакты кантип “жасоого” болору жөнүндө сүйлөшүүнү улантыңыз жана башка буюмдарды сунуштаңыз.

Жана мындай деп да айтсаңыз болот: “Мен (же атаң же улуу эжең) сага жардам бере алам. Мен эмне кылышым керек?”. Же болбосо, башка үй-бүлө мүчөлөрү күтүп жаткандай болуп, анан экөөңөр “жасаган” нерсени жеген сыяктуу кылышы мүмкүн. Балаңызды сонун жасалган тамак үчүн мактоону унутпаңыз!

Бул жана башка бир нерсени “элестетип” ойногон оюндун сценарийлери кайра-кайра кайталанышы мүмкүн.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бала (мисалы) куту — бул меш, ал эми кичинекей шар — жумуртка деп элестеткенде баланын фантазиясын, анын ой жүгүртүүсүн жана чыгармачылыгын өнүктүрүүгө түрткү берет. Оюнга башка адамдарды (үй-бүлө мүчөлөрүн же башка балдарды) тартуу балаңыздын социалдык компетенттүүлүгүн жана башкалар менен өз ара аракеттенүү жөндөмүн чыңдайт.