Эне сүтү эмнени камтыйт?

Эне сүтү баланын жакшы өсүшүн камсыздай турган эң пайдалуу жана идеалдуу азык болуп саналат. Эне сүтү менен багуунун бүт мезгилинин ичинде сүттүн курамы өзгөрүп турат, анткени ал баланын улам өзгөрүп туруучу керектөөлөрүнө ыңгайлашат. Эне сүтүн эч нерсе менен алмаштырууга болбойт. Ал ар кандай миңдеген ингредиенттерден турат жана алардын көпчүлүгүн жасалма жол менен өндүрүүгө болбойт.
Body

Эне сүтү – баланын азыктанышын гана камсыз кылбастан, анын  организмндеги биолгиялык процесстердин көбүнө таасир эте турган уникалдуу биологиялык активдүү суюктук. Эне сүтүнүн бардык сырлары ачылды деп эсептеп келсек дагы, 21-кылым анын курамы жана маанилүүлүгү тууралуу болуп көрбөгөндөй түшүнүктү киргизип, көптөгөн жаңы изилдөөлөр үчүн эшик ачты.

Начар эне сүтү болбойт!

Ал баланын эмизүү жана баланын өсүү, өнүгүү мезгилиндеги баланын керектөөсүнө жараша өзгөрүп турат. Эне сүтүнүн мүнөзүнө жана өндүрүү убактысына жараша биз аны ууз сүт, өткөөл жана жетилген сүт деп бөлөбүз.

  • Ууз сүт – бул төрөттөн кийинки алгачкы бир нече күндүн ичинде энеде иштелип чыгуучу сүт. Ал саргыч, коюу, илээшме суюктук болот. Анда көп өлчөмдө белоктор, ферменттер жана витаминдер бар, бирок лактоза, май жана минералдык заттар аз санда болот. Ал негизги ролу - коргоочу (иммунологиялык  компоненттер: IgA, лактоферрин жана лейкоциттерди камтыйт), ошондуктан ал биринчи вакцинаны элестетет. Биринчи заң – меконийдин чыгуусуна жардам берет.
  • Өткөөл сүт 6-күндөн тартып 15-күнгө чейинки чыккан сүт. Бул убакта сүт көбүрөөк болуп, курамы өзгөрөт: майлар, В тобундагы витаминдер, углеводдор көбөйөт.
  • Жетилген сүт 15 күндөн кийин чыга баштайт. Бул сүттө белок азыраак, майлар, углеводдор, витаминдер жана минералдар көбүрөөк болот. Анын түсү ак, суюк, ууз сүткө салыштырмалуу майлуулугу азыраак, бирок сиздин балаңыздын керектөөлөрүнө толугу менен туура келет.

Эмчек сүтүнүн курамы туруктуу эмес!

Эмизүүнүн башталышындагы биринчи сүт суюгураак жана майды аз камтыйт, ал баланын суусунун кандыруу үчүн кызмат кылат - бул алдыңкы сүт; анын артынан бала курсагын шашпай тойгузуусу үчүн  майлуу, коюу арткы сүт чыгат. Баланын жетишээрлик күч-кубат алып өсүүсү үчүн жетишерлик майлуу сүт алышы үчүн эмизүү убактысынын узагыраак болушу змаанилүү.

Бир күн ичинде сүт эртең менен жана кечке маал көбүрөөк майлуу болот. Эмчек сүттүн курамы  баланын жашына, мезгилге, эненин жана баланын ден соолугуна жараша өзгөрүп ылайыкташат. Ара төрөлгөн балдардын энесинин сүтү анын курамы боюнча алганда ал балдардын керектөөлөрүнө ылайыкташкан, өзгөчө белоктун саны көбүрөөк жана жогорку калорияга ээ.

Эмчек сүтүнүн азыктык курамы

Сиздин сүтүңүз балаңыздын оптималдуу өсүүсү үчүн биринчи алты айда  бардык зарыл болгон аш болумдуу заттар менен камсыз кылат. Эне сүтү – бул баланын оптималуу өсүүсүн камсыз кыла турган  май, белок, кант, витамин, минерал, антитело, фермент, суу жана башка көп  ингредиенттерди, аларды так санда жана катышта камтыган комплекстүү, аш болумдуу суюктук.

  • Белоктордун, майлардын жана углеводдордун курамы баланын керектөөсүнө толугу менен жооп берет.  
  • Сүтүңүздүн 87%ын суу түзөт. Ошентип, бала эмизүү мезгилинде өзүнүн сууга болгон керектөөсүн канааттандырып, сууга, чайга же башка суусундуктарга муктаж болбойт.
  • Сиздин сүтүңүздө ошондой эле бардык аш болумдуу заттарды сиңирүүгө жана иштетүүгө жардам берүүчү ферменттер бар.
  • Олигосахариддер - баланын ичегисиндеги микрофлоранын өсүшүнө жардам берет. Сиздин сүтүңүздөгү витаминдер жана  минералдар жакшы сиңет жана пайдаланылат.

 Сиздин сүтүңүздөгү D витамини жана майлуу кислоталар 3-омега сыяктуу кээ бир ингридиенттер сиздин эмизүү алдында кандай тамактанганыңыздын гана эмес, бала төрөлөөрдөн көп айларга чейинки убакытта физикалык активдүүлүгүңүздүн кандай болгондугун жана кандай токсиндердин жана стресстердин тибине  кабылганыңыздын натыйжасы болоорун билип алганыңыз жакшы.

Эне сүтү – организмдин эң жакшы табыгий коргоочусу. Бала төрөлгөндө сиздин сүтүңүз биринчи вакцина катары эсептелип, баланы инфекциялардан, оорулардан  коргойт жана  иммунитетин көтөрөт. Эне сүтү ошондой эле мааниси жана ролу толук түшүндүрүлө элек сөңгөк клеткаларынан турат; Бул жерден бир гана нерсени айтууга болот: эгерде табият аны ымыркай үчүн арнаган болсо анда ал маанилүү ролду ойношу керек.

Эне сүтүнүн микробиому

Биздин ден соолугубуз  жана организмибиздин иштөө функциясы бизде  жашаган микробдордун  ар кандай топторунан көз каранды. Эне сүтү мурдатан эле стерилдүү деп эсептелип келген. Бүгүнкү күндө ал эне сүтүнүн микробиомасын пайда кылган микроорганизмдердин кеңири спектринен турары белгилүү болду. Ушундай жол менен эне сүтү баланы, ал жашап жаткан табигый чөйрөдө жашоого даярдайт деген божомолдоо бар.

  • Эне сүтүнүн микробиому ымыркайдын ичегилеринин микробдук колонизациясында жана иммунндук  системасынын түзүлүшүндө башкы ролду ойнойт.

Сиздин организмиңиз баланын керектөөлөрүн дайыма канаатандырып туруу үчүн керектүү ингредиенттерди керектүү санда жана сүттү керектүү өлчөмдө өндүрүп турат!