Эркек балдардын жыныс органдарына кам көрүү
Эркек балдардын жыныс органдарына кам көрүү
Эркек балдар жыныс мүчөнүн башын толугу менен жаап турган тери катмарлары – бүрүк менен төрөлүшөт. Ымыркайларда ал кууш болот – бул 3-5 жашта жок болуп кетүүчү физиологиялык фимоз. Бүрүктүн ичинде өзгөчө майлагыч – смегманы иштеп чыгуучу май бездери жайгашкан.
Бөбөктүн жыныс органдарынын тазалыгын сактабаган учурда бүрүк жана жыныс мүчөнүн башы сезгениши мүмкүн.
Ошондуктан бөбөктүн алдын такма жалаякты алмаштырган сайын, ар бир үч сааттан сейрек эмес жууп туруу маанилүү. Баланын жыныс органын абдан кылдаттык менен таза, жылуу сууга жууш керек. Жыныс мүчөсүнүн башын самындап жуу сунушталбайт.
Бөбөктүн алдын жууган учурда бүрүктү жылдыруунун кереги жок. Бул тырыкты пайда кылуучу майда жаракаттардын келип чыгышына алып келип, бүрүктүн тарышына өбөлгө түзөт.